Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековУрочище Чункурчак
Урочище Чункурчак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
14-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү Чүй, Талас, Жалал-Абад жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл аймагында +6...+11, Нарында +4...+9 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +12...+14, Ошто +13...+15 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0