https://sputnik.kg/20211109/aksh-ospurum-kyz-tiktok-belgi-arkyluu-korkunuch-kutkaruu-1054535807.html
АКШда өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги белгинин жардамы менен куткарылды
АКШда өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги белгинин жардамы менен куткарылды
Sputnik Кыргызстан
Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт. 09.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-09T18:37+0600
2021-11-09T18:37+0600
2021-12-26T13:13+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
акш
tiktok
белги
куткаруу
полиция
окуялар
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/09/1054533392_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_5c4db08fc46ddc402c910e94577eed98.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Түндүк Каролина аймагында дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги жардамга чакырган белгинин арты менен куткарылды. Бул тууралуу CNN маалымат агенттиги жазып чыкты.Анда айтылгандай, өткөн шейшембиде, 16 жаштагы кыздын жоголгонун айтып ата-энеси полицияга кайрылган. Бейшемби күнү Кентукки штатындагы айдоочу 911 кызматына чалып, автоунаадан жардам сураган кызды көргөнүн билдирген.Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Ал COVID-19 пандемиясынын тушунда Canadian's Women Foundation тарабынан аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан кутулууга жардам берүү үчүн ойлоп табылган. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт.Полиция өспүрүм кыз мындай белгини TikTok аркылуу үйрөнгөнүн журналисттерге билдирген. CNN агенттигинин маалыматына ылайык, 911 кызматына чалган айдоочу ал кыз бараткан унааны дээрлик 11 чакырымдан ашык аралыкка чейин аңдып барган. Полиция шектүү унааны токтотуп, өспүрүмдү куткарып калган.Маалыматка ылайык, полиция кызды алып кетип бара жаткан автоунаанын айдоочусун камакка алган. Ал адамды мыйзамсыз кармоого жана жашы жете электер катышкан сексуалдык мүнөздөгү материалдарды сактоого шектелүүдө.
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/09/1054533392_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_783cc9310138674b748cf76234a86b38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, tiktok, белги, куткаруу, полиция, окуялар
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, tiktok, белги, куткаруу, полиция, окуялар
АКШда өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги белгинин жардамы менен куткарылды
18:37 09.11.2021 (Жаңыртылды: 13:13 26.12.2021) Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Түндүк Каролина аймагында дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз TikTok тиркемесиндеги жардамга чакырган белгинин арты менен куткарылды. Бул тууралуу CNN маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда айтылгандай, өткөн шейшембиде, 16 жаштагы кыздын жоголгонун айтып ата-энеси полицияга кайрылган. Бейшемби күнү Кентукки штатындагы айдоочу 911 кызматына чалып, автоунаадан жардам сураган кызды көргөнүн билдирген.
"Айдоочу унаа башкарып бара жатып, колу менен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту билдирип, жардам сураган белгини көрсөткөн жүргүнчү кызды байкаганын айткан. Бул жаңсоо жана анын мааниси TikTok платформасынан алынган", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Сөз болуп жаткан белги бир кол менен жардамга чакырууну туюнтат. Ал COVID-19 пандемиясынын тушунда Canadian's Women Foundation тарабынан аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан кутулууга жардам берүү үчүн ойлоп табылган. Анда алакан жайылып, баш бармак алаканга карай бүгүлүп, анан калган манжалар муштумга түйүлөт.
Полиция өспүрүм кыз мындай белгини TikTok аркылуу үйрөнгөнүн журналисттерге билдирген. CNN агенттигинин маалыматына ылайык, 911 кызматына чалган айдоочу ал кыз бараткан унааны дээрлик 11 чакырымдан ашык аралыкка чейин аңдып барган. Полиция шектүү унааны токтотуп, өспүрүмдү куткарып калган.
Маалыматка ылайык, полиция кызды алып кетип бара жаткан автоунаанын айдоочусун камакка алган. Ал адамды мыйзамсыз кармоого жана жашы жете электер катышкан сексуалдык мүнөздөгү материалдарды сактоого шектелүүдө.