Ашыгына жетпей... Айтылуу Акбакай менен Коргол акындын сүрөттөрү

Жазылуу
Кетмен-Төбөдөн чыккан айтылуу акын, "Акбакай" күүсүнүн жана бир катар термелердин автору Коргол Досуевдин чыгармачылыгы учурда жогору бааланып, айрым кызык окуялары айтыла калып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант, Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргол Досуевдин өмүр таржымалы тууралуу тарыхый ирмемдердин сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Акын 1882-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн азыркы Чолпон-Ата айылынын жогору жагындагы Ак-Булак деген жердин Айыкты жайыгындагы, Назардын кыштоосунда туулган. Өзү тогуз бир тууган болот. Эң улуусу Суранбай деген уул. Анан жети кыз катар төрөлүп, энеси "уулум жалгыз болбосун" деп кудайдан тилеп жатып Корголду элүүгө чамалаганда көргөн экен. Кеч төрөгөнүнө уялган апасы кой короого барып көз жарат. Ошентип ымыркайдын денесине корголдор жабышып калгандыктан Коргол атыгып калган дешет. Акындын азан чакырып койгон аты Суранчы. Бирок кыргызга эмнегедир Коргол деген ат менен таанылып кеткен.
Апасы эрте эле каза болуп, Коргол атасы менен эң улуу агасы Суранбайдын колунда калат. Кичинесинен оор турмушта жашаган Корголдун бала кезинен эле өнөргө жакын экени байкалган. Ал күү черткенди алгач атасынан, кийин 13-14 жашында аксылык Ниязалы Борош уулунан үйрөнгөн.
СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Манаптын баласы оозун жырып кое жаздаган. Муса Баетов тууралуу 13 факт
"Токомдун жүрүп артынан, торгой болдум таңшыган" деген Коргол Досуевдин устаты Токтогул Сатылганов болуп, аны менен 17 жыл бирге жүргөндүгү маалым. Токтогул акын сүргүндөн келгенде аялы кетип, энесинин көзү көрбөй калып, жалгыз баласы Топчубай каза тапкан эле. Мына ушулардын ичинен уулунун өлгөнүн аксакалдар угуза албай кыйналат. Ошол кезде угузуу вазийпасы 20 жаштагы Корголго жүктөлүп, ал "балаң өлдү" деп балп этип салбай ырдын, комуздун күчү, сыйкыры менен каймана угузган. Ошондон кийин эки залкардын ата-баладай мамилеси башталганы маалым.
Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева буга чейин Sputnik агенттигине маек куруп, акын чындыгында жарды турмушта жашап өткөнүн айтып берген. Айтылуу Акбакайга жетпей калганынын себеби да ушул көкөй кескен кедейлик болгон экен. Эл арасында бул кишинин өз аты Өмүрбек кызы Токтобүбү деп айтылат.
"Илгери Кетмен-Төбөдө Калыбай деген бай жашаптыр. Ал үч-төрт аялынан тең бала көрбөйт. Бир күнү Кетмен-Төбөгө келип Токтобүбүнү көрүп, "ушул кызды алып бала көрсөм көрүп калармын" деген ниетте алып кетет. Ошону менен Калыбай сатыкей уруусунан болуп Акбакай Коргол акынга жеңе болуп калган жайы бар. Ушундан кийин айтылуу "Акбакай" күүсү жаралып, ага Токтогул Сатылганов жогору баасын берген", — деп айтып берген акындын небереси.
Кийин Совет өкмөтү орноп, жер-жерлерден өнөрпоздорду Фрунзеге алып келип, аларды филармония, театр сыяктуу жайларга жайгаштырып жумуш берип жатканда Корголго да бир нече жолу кайрылышат. Ал да борборго барып көрөт. Ошондо эркин ырдап, эркиндикке көнүп калган акынга ар кыл саясатташкан репертуар таңуулай беришкен көрүнөт, акыры жадап айылына кетип калган.
Лифти бар үйдөгү тепкичтер тасмасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер
Акындын Бүбүкан деген байбичесинен эки уул, бир кызы болгон. Бирок Бүбүкан апа эрте эле көзү өтүп кетип, 1945-жылы Бүбүайша апага үйлөнөт.
Коргол Досуев 1962-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө каза болгон. 1994-жылы Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Коргол Досу уулунун музейи ачылган. Ал эми акындын эл оозунда калган термелери, ыр саптарынан үзүндүлөр чогултулуп отуруп, китептери көзү өткөндөн кийин гана жарык көргөн.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваАкын Темиркул Үмөталиевдин элүү жылдык мааракесин ачып, филармонияда Коргол акындын ырдап жаткан учуру. 1958-жыл.
Акын Темиркул Үмөталиевдин элүү жылдык мааракесин ачып, филармонияда Коргол акындын ырдап жаткан учуру. 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/10
Акын Темиркул Үмөталиевдин элүү жылдык мааракесин ачып, филармонияда Коргол акындын ырдап жаткан учуру. 1958-жыл.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваТоктогулдун эстелигинин жанында. Оңдон солду карай: Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан, Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы Сырга, Токтогулдун (Сатылганов — ред.) багып алган баласы Жолдош  жана Коргол Досуев. 1950-жыл.
Токтогулдун эстелигинин жанында. Оңдон солду карай: Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан, Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы Сырга, Токтогулдун (Сатылганов — ред.) багып алган баласы Жолдош  жана Коргол Досуев. 1950-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/10
Токтогулдун эстелигинин жанында. Оңдон солду карай: Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан, Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы Сырга, Токтогулдун (Сатылганов — ред.) багып алган баласы Жолдош  жана Коргол Досуев. 1950-жыл.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваЭшек минип отурган Мадылбек Сырдыбаев, учкашкан Жапаркул Алыбаев жана Коргол комузу менен... 1953-жыл, Кетмен-Төбө.
Эшек минип отурган Мадылбек Сырдыбаев, учкашкан Жапаркул Алыбаев жана Коргол комузу менен... 1953-жыл, Кетмен-Төбө. - Sputnik Кыргызстан
3/10
Эшек минип отурган Мадылбек Сырдыбаев, учкашкан Жапаркул Алыбаев жана Коргол комузу менен... 1953-жыл, Кетмен-Төбө.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваӨмүрбек кызы Токтобүбү (Акбакай)
Өмүрбек кызы Токтобүбү (Акбакай) - Sputnik Кыргызстан
4/10
Өмүрбек кызы Токтобүбү (Акбакай)
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваФрунзе. Солдон төртүнчү Коргол Досуев. 1958-жыл.
Фрунзе. Солдон төртүнчү Коргол Досуев. 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/10
Фрунзе. Солдон төртүнчү Коргол Досуев. 1958-жыл.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваТоктогул району. Коргол акындын жанындагы музыка изилдөөчү Виктор Виноградов болушу мүмкүн деген божомол бар. 1959-жыл.
Токтогул району. Коргол акындын жанындагы музыка изилдөөчү Виктор Виноградов болушу мүмкүн деген божомол бар. 1959-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/10
Токтогул району. Коргол акындын жанындагы музыка изилдөөчү Виктор Виноградов болушу мүмкүн деген божомол бар. 1959-жыл.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваКоргол Досуев кыргыз акын-жазуучуларынын арасында.
Коргол Досуев кыргыз акын-жазуучуларынын арасында. - Sputnik Кыргызстан
7/10
Коргол Досуев кыргыз акын-жазуучуларынын арасында.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваКорголдун небере-чөбөрөлөрү. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык урпагы бар. 1993-жыл.
Корголдун небере-чөбөрөлөрү. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык урпагы бар. 1993-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/10
Корголдун небере-чөбөрөлөрү. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык урпагы бар. 1993-жыл.
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваКоргол Досу уулунун пенсиялык күбөлүгү
Коргол Досу уулунун пенсиялык күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан
9/10
Коргол Досу уулунун пенсиялык күбөлүгү
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваКоргол Досуев 80 жаш курагында Кетмен-Төбө өрөөнүндө каза болгон. 1962-жыл 25-май.
Коргол Досуев 80 жаш курагында Кетмен-Төбө өрөөнүндө каза болгон. 1962-жыл 25-май. - Sputnik Кыргызстан
10/10
Коргол Досуев 80 жаш курагында Кетмен-Төбө өрөөнүндө каза болгон. 1962-жыл 25-май.
Жаңылыктар түрмөгү
0