Коргол акындын небереси Турсун Досуева: атабыздын Акбакайга жетпей калган себеби бар

© Sputnik / Асылбек БактыбековВнучка известного акына Коргола Досуева Турсункан Досуева
Внучка известного акына Коргола Досуева Турсункан Досуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Эл арасында айтылуу акын Коргол Досуевдин термелери, күүлөрү жана айтыштары ушул күнгө чейин айтылат. Ал жалпы угармандарга да абдан кызыктуу.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде төкмө акын, залкар талант, кадимки Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева мейманда болуп, чоң атасы тууралуу кенен маек куруп кетти. Бул маекте акындын өмүрүндөгү мурда белгисиз жагдайлар да айтылды. 
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваЭл арасында айтылуу акын Коргол Досуевдин термелери, күүлөрү жана айтыштары ушул күнгө чейин айтылат
Акын Коргол Досуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эл арасында айтылуу акын Коргол Досуевдин термелери, күүлөрү жана айтыштары ушул күнгө чейин айтылат
— Коргол Досуевдин сиз билген балалыгына кайрылсак...
— Мен Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жайгашкан Коргол Досу уулунун музейинде жетекчи болуп иштейм. Бул музей 1994-жылы элдин талабы жана чыгаан уулубуз Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен ачылган. Айлана-тегереги 2,5 гектар бакча, чакан, жакшынакай музей. Жаңы ачылганда 150дөй экспонат болсо, азыр 400гө жакындап калды. Кыргыздын байыркы буюмдарын, кийимдерин, дегеле элибиздин жашоосуна тийиштүү археологиялык табылгаларын чогултуп, музейди байытып жатабыз. Атабыз 1882-жылы Токтогул районунун үстү жагындагы Назардын кыштоосунда туулган. Өзү тогуз бир тууган. Эң улуусу Суранбай деген уул. Анан жети кыз катар төрөлүп, чоң энебиз "уулум жалгыз болбосун" деп кудайдан тилеп жатып атабызды элүүгө чамалаганда көргөн экен. Кеч төрөгөнүнө уялган апасы кой короого барып көз жарат. Ошентип ымыркайдын денесине корголдор жабышып калгандыктан Коргол атыгып калган дешет. Дагы бир вариантында "ал кичинесинде абдан тың, кичинекей сары бала болчу. Жүгүргөндө жыгылбай тызылдап жүргөнүн көргөндөр "карасаң, өзү корголдой болуп алып тыңдыгын" деп жатып Коргол аталып калганын айтышат. Азан чакырып койгон аты Суранчы. Бирок кыргызга эмнегедир Коргол деген ат менен таанылып кеткен.
Айылдагы аксакалдардан сураштырып, бул киши кичинесинен оор турмушта жашаганын билдик. Апасы чиедей тогуз баланы таштап, эрте эле каза болот. Эң улуу баласы Суранбайдын колунда атасы экөө калат. Ал эми жети эжеси биздин Токтогулдун аймагындагы жети өзөнгө турмушка чыгып кеткен. Коргол кичинесинен эле аябай тентек, беттегенин бербеген өжөр, анан комузга жакын болуп чоңоёт. Өз атасы беш-алты күү билчү экен. 13-14 жашында аны бат эле үйрөнүп алып, энергиясы ашып-ташып, урунуп-беринип калганда аксылык Ниязалы Борош уулуна алып барыптыр. Жайында жайлоого бирге чыгып, экөөнүн мурдатан катышы бар экен. Эми ошондогу адамгерчиликти караңыз, 14 жаштагы баланы колуна алып, өзү Аксыдагы аш-тойлорго жетелеп барып жүрүп, бир жылдан кийин бардыгын үйрөтүп, астына ат тартып, үстүнө тон кийгизип топойтуп, Кетмен-Төбөгө кайра жеткирип койгон экен. Келгенден кийин деле той-топурда ар кандай ырларды ырдап жүрөт. Бул кишинин негизги чыгармачылыгы Токтогул атага (Токтогул Сатылганов — ред.) жолуккандан кийин башталат.
— Экөөнүн жолукканын айтып берсеңиз?
Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек Абдиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек: түшүндө Токтогул оозуна алтын себелегенин айтчу
— "Токтогул сүргүндөн качып келе жатат" деген кабар угулганда биздин Кетмен-Төбөнүн аксакалдары алдынан тосуп чыгышат. Коргол атам анда 19-20 жаштагы бала экен. "Эми сен эл алдына чыгып ырдап калдың. Жүр, Токтогул атаңды көрүп, саламдашып кел" деп аны да ээрчитип алышат. Талас менен Кетмен-Төбөнүн жайлоосу бир болчу. Анан барып Беш-Таштын белине чыгып калганда Таластан бери келе жаткан Токтогул ата да көрүнөт. Ошондо эл "эми жалгыз баласынын каза болгонун, аялы бөлөккө турмушка чыгып кетип, уулун күткөн энеси сокур болуп соксоюп жалгыз калганын кантип угузабыз" деп бушайман болушат. Акыры чоң атама "балам, акын болуп калбадыңбы, төкмөлүктүн тили менен сен угуз" деп бир чоң чыны таруу бозону ичиришет. Бирок 20 жаштагы ала барман бала бир да жеринде "балаңыз өлүп калды" деп айтпастан, каймана мааниде Токтогулга баласынын өткөнүн угузат. Токтогулдун сакал ылдый жашы куюлуп: "Кетмен-Төбөнүн аксакалдары, силердин нарктуулугуңар кайда калган? Баламдын өлгөнүн балама айттырдыңарбы?" – дейт. Ошондон кийин экөө өмүрүнүн акырына чейин ата-баладай ээрчишип жүрүшкөн дейт.
— Устат-шакирттин окуясы, ырлары тууралуу өзүнчө сөз кылалы. "Атасынан комуз үйрөнгөн" деп жатпайсызбы, кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген сөз бар да. Апасы да кошокчу болгон дешет. Сизге жеткен маалыматтар боюнча, ата-энеси кандай адамдар болгон?
— Коргол атабыздын уругу сатыкей. Биз айтылуу Сатыкей баатырдын урпактарынын ичинен Ороздун он уулунан тараганбыз. Чоң атабыз анча-мынча күү чертиптир, бирок чоң энебиз тууралуу жарытылуу маалымат жок. Изилдеп жатам, таятабыздын урпактары деле бар экен. Досу чоң атабыз кичине комуз черткени менен негизги кесиби дыйкан, мүнөзү жоош киши болуптур. Ал эми калган бир туугандары мергенчи болуп, усталык да кылышкан. Бизде Уста-Сай деген жер бар. Ошол жерге өзөндөн түшкөн эки суунун баш-аягына жети тегирмен салышат. Элге бешик, кыз-келиндердин зер буюмдарын жасап беришчү экен. Азыр ошол тегирмендин калдыктары, алар жашаган үңкүрлөр бар. Коргол атабыз да өмүр бою комуз чаап, кылын өзү эле тагып жүрчү. Малдын ичегисин чий менен кырып, бутактарга асып койчу. Бизди дайыма "тийбегиле, үзөсүңөр" деп урушчу эле. Колу менен акырын чоюп койсо укмуштуудай кооз үн чыкчу. Көрсө, ичеги менен жилканын айырмасы чоң экен да. 
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваSputnik Кыргызстан агенттигинде төкмө акын, залкар талант, кадимки Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева мейманда болуп, чоң атасы тууралуу кенен маек куруп кетти
Акын Коргол Досуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Sputnik Кыргызстан агенттигинде төкмө акын, залкар талант, кадимки Коргол Досуевдин небереси Турсункан Досуева мейманда болуп, чоң атасы тууралуу кенен маек куруп кетти
— Атасы жоош киши болгон экен, өзүнүн мүнөзү кандай эле? Чыгармачыл адамдар бир аз таарынчаак же өзгөчө мүнөзгө ээ болушат го...
— Коргол атабыз беттегенин бербеген, хандан да кайра тартпаган киши болчу. Анан бир эле ырды үч-төрт вариантта ырдай билчү. Анткени бир кишини төрт тарабынан карасаң, төрт бөлөк көрүнөт эмеспи. Бул киши да ушундай ырдачу да. Биз кичинекей кезде тамеки айдачу элек, жерлерибиз азыркы көлдүн алдына калды. Анан короо деген жок, жайдак жашайбыз. Кошуналардын тоогу келип тамекинин көчөтүн тебелеп койсо, ага да сөз менен айтчу эмес. Эшикке туруп алып заңкылдап комуз менен ырдачу. Өзүнүн бою кичинекей, өңү сары, мурду кырдач, көзү көк, үнү абдан бийик эле. Коңшулар келип, тоогун айдап кетмейинче ырдай берчү. Менимче, чоң атама кара сөзгө караганда ыр менен айткан жеңил болсо керек.
— Коргол атабыз Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул, Барпы, Калык өңдүү төкмөлөр менен замандаш болгон эмеспи. Булар тууралуу айткандарын угуп калдыңызбы?
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Мар Байжиев: атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик
— Атабыз Ниязалыны комузчулардын, Токтогул Сатылгановду акындардын атасы деп эсептечү экен. Күүнү Ниязалынын алдында Токтогул да чертчү эмес дешет. Демек, акындардын баарына күү үйрөткөн Ниязалы Борош уулу болгон. Чоң атабыз Жеңижокту, Токтогулду жана Ниязалыны устатым деп эсептечү. Калган залкар өнөрпоздор замандаштары болгон. Эми тарыхты ар кандай бурмалай берсе болот экен. Тарыхчылардан, изилдөөчүлөрдөн суранарым, жанында жүрбөгөндөн кийин тарыхый маалыматтарды айтууда абайлашса. "Токтогул Корголду каргап койгон, Коргол ичимдик ичкен" деген өңдүү маалыматтар жүрөт. Небереси катары тактоо киргизсем, чоң атам 60 жаштан кийин беш убак намаз окуган. Менин көз алдымда эле ак топу, ак көйнөк кийип комузун такай көтөрүп жүрчү. Жатканда да жазданып жатчу. Түн бир оокумда илхам келсе, туруп алып чертчү.
— Жеке жашоосуна кайрылсак, жигиттик курагында сүйүүгө кабылганы, "Акбакай" күүсүндө да сүйгөнүнө жетпей калганы камтылат...
— Мезгилдин өтүшү менен Токтогул атадан, Эшмамбеттен айрылган. Анан өзү да устат болуп көптөгөн шакирттерди тарбиялады. Алтымыш Мундузбаев өңдүү жаштар дайыма комуз чертип, топурап эшиктин алдында, атамдын айланасында жүрүшчү. Анан бул киши өзү кедей болсо, жалгыз атынан башка эчтекеси болбосо сүйүүсүнө кайдан жетмек эле. Акбакай апа экөө бир айылдан болот. Ортодогу жаш айырмачылыгы он жаштын тегереги экен. Ал апабыз тың жашаган жердин кызы болуп, эл арасында өз аты Өмүрбек кызы Токтобүбү деп айтылат.
Биздин чөлкөмдө Калыбай деген да бай жашаптыр. Ал өтө кайрымдуу, калыс киши болот. Бирок үч-төрт аялынан тең бала көрбөйт. Бир күнү Кетмен-Төбөгө келип Токтобүбүнү көрүп, "ушул кызды алып бала көрсөм көрүп калармын, болбосо сөөлөткө чай куйдуруп, калган өмүрүмдү өткөрөйүн" деп баягы кызды алып кетет. Ошол кезде чоң атабыз айылыбыздагы Ажыкан бийдин жерине эгин айдайт. Анан жайды-жайлай эгин өстүрүп, күзүндө түшүмүн алып Ажыкан бийди бөлүштүрмөккө чакырат. Ал келип буудайдан бир күрөк сузуп "бул өгүзүмдүн акысы" деп, дагы бирин сокосуна, үчүнчүсүн сузуп жер акысына алат да калган бир күрөктү "муну сен бала-бакыраң менен ал" дейт. Теңсиздикке сопу атабыздын жини келип, күрөктүн сабы менен бийдин башын жара чабат да түндө баласын ээрчитип Калыбайга качып кетет. Ал да сатыкей уруусунан болгондуктан анда байырлап калышат. Ошентип чоң атам Акбакайдын короосунда жалданып, мурунку сүйгөн теңтушу жеңе болуп "Акбакай" күүсүн чыгарыптыр. Алгачкы жолу Токтогул Сатылгановго чертип берип жогору баасын алган экен. 
© Фото / Музей имени Коргола ДосуеваДосуева: Коргол атабыз беттегенин бербеген, хандан да кайра тартпаган киши болчу.
Акын Коргол Досуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Досуева: Коргол атабыз беттегенин бербеген, хандан да кайра тартпаган киши болчу.
— Андан кийин үй-бүлө курганы кандай болгон?
— Кайра сүйүүгө туш болгон-болбогону белгисиз. Бирок мергенчинин кызы Бүбүкан чоң энебизди алган. Эң улуусу менин атам Оңдош Корголов, андан кийин бир уул, бир кыздуу болушат. Бирок азыр баары каза болуп калды. Бүбүкан апабыз балдары жаш кезинде эле 1945-жылы каза болуп, атабыз ошол айылдан эле турмуштан ажырап келген Бүбүайшаны алат. Тагдыр экен, ошол чоң апабыз тарыхта калды. Сөөгү Коргол атабыз менен жанаша да коюлду. Биз менен 20 жыл бирге жашап, чоң апабыз 1982-жылы дүйнөдөн өткөн.
— Турмушу кандай эле?
— Мен көргөндөн жөнөкөй эле жер тамда жашачу. Ал убакта баарында эле ошондой үстү тактай менен жабылган, полу жок, электр жарыксыз эле узунунан салынган тамдар болчу.
— Союз жаңы курулганда көп таланттар айылдан борборго келип, элге талантын тартуулап турган экен. Коргол акын эмнеге келбей калыптыр?
Акын Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл Кожомбердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт
— Ал киши деле башында келген. Келген сайын замандаштары Калык (Калык Акиев — ред.), Осмонкул (Осмонкул Бөлөбалаев — ред.), Алымкул (Алымкул Үсөнбаев — ред.) аталар менен кабарлашып турган. Ар биринин үйүнө бир күндөн жатып кыдырып кетчү. Бул кишинин бетке айтмайы чөйрөгө жаккан эмес. Ал кезде акындардын эркиндиги бир аз чектелип, концерттерде атайын программа берилген да. "Партияны ырда, пахтачы келинди макта" өңдүү көрсөтмөлөргө, кысымдарга такыр чыдабай койгон.
Бир жолу ошондой концертте дагы көрсөтмө берилет. Анда сахнага чыккан Коргол акын:
"Биз Сталинчил акынбыз,
Сталинди ырдап жатырбыз.
Ушул жердегилердин баары
Сталинге катынбыз",
— деп салыптыр. Ошондон кийин "бул киши эми калыпка түшпөйт, айтканды укпайт, чөйрөгө көп жолотпогула" деп ырдатпай калышкан. Каматып жиберели десе карыган киши. Ошентип замандаштарынан калып калган. Бирок баарынан элдин урматы, сыйы жогору болот экен. Музейи уюшулду, көзү өткөнчө бул кишинин китеби чыккан эмес. Кийин бирөөдөн 15 сап, дагы биринен 20 сап ырларын чогулттук.
Шакирттеринин бири Алтымыш Мундузбаев күүнү жакшы черткен киши эле. Эсимде, 1960-жылдары Алтымыш аба китебин чыгарталы деп үйгө келип, көмкөрүсүнөн жатып алып бул кишинин ырдаганын кышы менен чоң-чоң сары кагаздарга түшүрдү. Жазга маал болгондо эки чемодан ыр көтөрүп кетти. Кийин уксам, ал киши гастролго кетип, эки айдан кийин келсе жубайы Тыныш эже: "Сен ушинтип жүрө бер, мен сенин ырларыңды өрттөп салдым", — деп алдынан чыгат. Чын эле жанагы эки чемодан ырды өрттөп салган экен. Ошондо Алтымыш аба эки баласы менен аялын таштап: "Аялдын баары сен болсоң мен чыгып кете берейин. Сен балдарың менен оокатыңды кыла бер. Мен Коргол атанын алдында бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кантип жооп берем", – деп жонуна бир эле костюмун илип алып үйдөн чыгып кеткен дейт. Ошентип 1962-жылы чоң атам каза болуп калды. 1963-жылы Алтымыш Мундузбаев эсинде калгандарын топтоп кичинекей, жупкадай китеп чыгарган. Андан кийин 100, 130 жылдыгына карата китептери толукталып чыгып жатат.
Мундузбаевден бөлөк, Актан Тыныбеков, Калил Сатиев, Эстебес Турсуналиев, анан Тууганбай Абдиев  — Коргол акындын шакирттери эле.
Токтогул акындын кызы Гүлсайра эже өлгөндө Токтогулдун чоңдору атамды алдыртып коштурушат. Ошондо ыйлабаган киши калбаптыр. Убагында ал кыз менен Жоомарт Бөкөнбаев баш кошсо, эки жакшы түтүн булатса деген кептер, ниет болот. Бирок Гүлсайра эже оруска турмушка чыгып, Жоомарт да өз жолу менен кетип калат. Анан ошону айтып, "карагым" деп сыздатып кошкон Коргол атама Осмонкул Бөлөбалаев чоң калпагын кийгизип, "болду-болду эми" деп сооротконун айтышат (кийин ал калпакты райондук гезиттин редакторуна "Осмонкулдун калпагы" деп берген экен — Т.Досуева). Атамдан кийин акындар "биз эми эмнени айтмак элек" деп кошпой коёт. 
© Sputnik / Асылбек БактыбековДосуева: мен Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жайгашкан Коргол Досу уулунун музейинде жетекчи болуп иштейм
Внучка известного акына Коргола Досуева Турсункан Досуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Досуева: мен Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жайгашкан Коргол Досу уулунун музейинде жетекчи болуп иштейм
— Советтик музыка таануучу Виктор Виноградов менен да жакшы мамиледе болгон экен?
Дочь комузиста Нурака Абдрахманова, мелодистка Ширин Абдрахманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Нурак Абдрахмановдун кызы Ширин: байбичелеринин акылмандыгы бизди бириктирди
— Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгын Коргол Досуевдей эч ким билбесе керек. Токтогулдун чыгармаларын чогултууда Жоомарт Бөкөнбаевдин эмгеги чоң. 1937-жылы Жоомарт атабыз Виктор Виноградовду, Тазабек Саманчинди ээрчитип алып Кетмен-Төбөгө барат. Алар Толтой Эшимбеков менен Коргол Досуевди алып, Арым жайлоосунда үч ай бою боз үйдө экөөнө кымыз сунуп, козуну сойдуруп коюп Токтогул атанын биринчи китебин толук айттырышкан. Атабыз ошондо көкүрөгүндөгү болгон дараметин, бар билгенин устатынын чыгармачылыгына арнап бериптир. Анан 34 күүнү Токтогулдуку деп чертип берген. Ошондон кийин Виктор Виноградов экөө чыгармачылык байланышта болушкан. 1956-57-жылдары атабыз ооруп төшөктө жатканда Виноградов издеп келсе, "ал ооруп жатат, сага эч нерсе айтып бере албайт, абалы оор" дешет. Үйгө кирсе караңгы кепеде араң жан абышка жатат. Виноградов отуруп эле "Алымканды" ырдап бергенде ооруп жаткан чоң атам ордунан тура калып "Бектур, келдиңби?" деп сүйүнүп, кучактаганын чоң апам айтып берчү. Анан эле баягы онтоп төшөктө жаткан чоң атабыз кийинип алып, тигилер менен командировкалап кетип калыптыр. Виноградовду "Бектур досум" деп койчу экен. Мен азыр эки жакшы сүрөт таптым. Бирөөндө Алтымыш Мундузбаев экөө, экинчисинде бир орус улутундагы адам менен чөптүн үстүндө отуруп түшүптүр. Ошол киши Виноградов болушу мүмкүн, аны тактап жатам.
Ушундай тарыхый инсандардын мааракелерине бөлүнгөн акчаны оюн-зоокко эле жумшап коюп, аны изилдөөгө, китебине каражат артпайт экен.
Жаңылыктар түрмөгү
0