Netflix, Disney менен иштешүүнү көздөйбүз. Аниматор Жалил Муканбетов менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековАниматор Жалил Муканбетов
Аниматор Жалил Муканбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Жалил Муканбетов мындан бир нече жыл мурда досу менен анимацияга киришкен. 27 жаштагы жигит азыр 20дай адамды жумуш менен камсыздап, жаштар үчүн анимациялык контент даярдайт.
Бүгүнкү күндө аниматорлордун продукциясына ЖОЖдордо, мектептерде суроо-талап күч. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаратман жигит Жалил Муканбетов менен маек курду.
— Команданын анимациялары кызыктуу, сапаттуу жасалып көрүүчүлөргө сунушталат экен. Тармакка кандайча аралашып калдыңыз?
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем
— Бул ишти досум Дастан Модубашов экөөбүз баштаганбыз. Сүйлөшүп отуруп калганда мен тарыхты, ал архитектураны кеп кылчу, себеби ушул жааттагы адис эле. Мен жогорку окуу жайды дипломатия багыты боюнча бүтүргөм. Кийин Тышкы иштер министрлигине барып стажировкадан өтүп жүрүп, бул багыт меники эмес экенине көзүм жетип өзүмдү башка тармактан издегем. Бир күнү сүйлөшүп отуруп мектепте сабактар эмне үчүн кызыктуу эмес деп калдык. Себеби экөөбүздүн тең ини, карындаштарыбыз окуучу. Анан эмнеге балдар үйдө кыргызча, көчөгө чыкса эле орусча сүйлөп калат. Интернетте мультфильмдер орус, англис тилдеринде көп, кыргыз тилинде жокко эсе. Анын баарын талкуулап отуруп алгачкы кадамдарды мультфильмден баштаганбыз. Китептеги, окуу программаларындагы маалыматтарды жаштардын тили менен жеткирүүгө аракет болгон.
2016-жылы чакан грант утуп алып Кыргызстандын тарыхы боюнча 20 сериядан турган анимация жасаганбыз. Ар бир сериясы үч мүнөттөн болчу. Анын ичине Модэ Шаньюйдан баштап Алмазбек Атамбаев өткөргөн референдумга чейинки окуяларды камтыганбыз. Долбоорду көрүүчүлөр жылуу кабыл алып, жыйынтыгы жакшы болду. Ошондон кийин билим берүүгө багытталган контент даярдоого, студия ачканга, тажрыйба топтоого аракет кыла баштадык. Үч жыл мурда "Тентек" аталышындагы анимациялык компания ачып, азыр ийгиликтүү иштеп жатат. 
© Фото / Предоставлено анимационным студия Tentek "Тентек" аталышындагы чыгармачыл тобунда негизинен жаштар иштешет
Анимационная компания Тентек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Тентек" аталышындагы чыгармачыл тобунда негизинен жаштар иштешет
— Маани-маңызы, ичинде камтылган маалыматтар жөнүндө сөз кылсак. Окумуштуу, илимпоздор менен иштешесиздерби?
— Жок. Көбүнчө өз алдыбызча изденебиз. Мисалы, бир нече бөлүктөн турган "Манас" жөнүндө анимацияны Мар Байжиев түзгөн "Манас, Семетей, Сейтек" китебинин негизинде жасадык. Окумуштуулар менен деле кызматташып, кеп-кеңеш алган жокпуз. Анткени "Манас" эпосун жакшы билген досторубуз бар. Анан кичинекей балдарга жасаган видеолорубуз жеткиликтүү болсун деп көп маалыматтарды ылгап жеңил, жалпак тил менен көркөмдөп берүүгө далалат кылдык. Эң башкы максатыбыз жаштарды эпоско кызыктыруу болгон.
— Анимацияларды көрүп команда күчтүү экенин, көп күч жумшаларын байкоого болот. Азыр канча адам иштеп жатат?
— Командабыз күчтүү. Бизге келгендер жумушка бат эле аралашып кетет. Кээ бирин өзүбүз издесек, дагы башкалары өздөрү эле келет. Айрымдарын атайын курстардан өткөрүп командабызга кошобуз. Азыр бизде 20дан ашык адам иштейт, ар биринин орду бар. Андан сырткары, үн жаздыртууда чет элдик адистердин кызматын колдонобуз. Себеби Кыргызстанда ага керектүү техника, тажрыйбалуу адистерди таппай калабыз. Буга чейин түрк, англис субтитрлери менен да контент жасадык. Аны даярдоодо каражат маселесине такалып калып жатабыз. 
© Фото / Предоставлено анимационной студией "Tentek"Анимация компания 20дан ашык кызматкерди жумуш менен камсыз кылган
Анимационная компания Тентек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Анимация компания 20дан ашык кызматкерди жумуш менен камсыз кылган
— Кыйынчылыктар да жаралбай койбосо керек?
— Ач, ток болгон күндөр болду. 2017-жылы президенттик аппаратка барып, биздин жасаган анимацияларды мектептеги тарых сабагына кошумча материал катары киргизүүнү сунуштагам. Алар ошол кездеги президентке тиешелүү айрым учурларды алып коюуну суранган. Бирок биз ага көнбөй койгонбуз. Ошентип биздин материалдар тарыхчыларга түшүп, катуу сын-пикирлер айтылган. Айтор сунушубуз кабыл алынган жок. Убагында мектептерге биздин анимациялык продукция киргенде жакшы талкуу жаратмак. Бүгүнкү күндө көп эле мектеп, жогорку окуу жайларда аларды өз алдынча колдонуп жатышат. Ошондой эле каражат жагынан да кыйналдык. Учурда өзүбүздү-өзүбүз толук камсыздоого умтулабыз. Анткени акча берген тарап биздин ишибиздин майда-баратына чейин аралашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан жетеленбей, эркин болууга аракеттенебиз. YouTube каналыбыздан деле көп каражат түшпөйт. Биздеги башка анимациялык студиялар акчага ыктап иштешет, жакшы эле табышат. Биздики илим, билим, киного жакын болгондуктан кичине татаалыраак. Азыр мурдагы күндөрдү жылмаюу менен эстейбиз. Себеби баштаганыбызды токтоткон жокпуз, бара-бара өз чыйырыбызды таптадык. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЖалил Муканбетов: максатыбыз Netflix, Disney, Pixar сыяктуу эл аралык студиялар менен иштешүү
Аниматор Жалил Муканбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жалил Муканбетов: максатыбыз Netflix, Disney, Pixar сыяктуу эл аралык студиялар менен иштешүү
— Негизи Билим берүү жана илим министрлиги, окумуштуулар жасай турчу иштерди аткарып жаткан экенсиздер. Коомчулук эмгектерди кандай кабыл алууда?
— Менимче, бул ишти Илимдер академиясы, министрлик же илимпоздор кылсын деген түшүнүк союз маалынан калган. Негизи мындай коомго пайдалуу иштерди өзүбүз эле изденип жасашыбыз керек. Ал эми жогору жактагылар материалда чагымчылдыкка чакырган учурлар, мыйзамсыз көрүнүштөр жок экенин гана цензурасыз көзөмөлдөп коюшу керек. Анткени чыгармачылык эркиндикти талап кылат. Анимацияларыбызга ар кандай ой-пикир айтылат. Бирөө жакшы экен десе, дагы бирөөнө жакпайт. Көбүнчө чет жердеги кыргызстандыктар колдоп турушат. Россияда көрүүчүлөрүбүз арбын. Коңшу Казакстанда андай долбоор жок болгондуктан казактар катуу сындап калышат.
— Анимация көп эмгекти талап кылат эмеспи. Бир видео жасоого канча убакыт кетет?
— Чындыгында эле анимация өзү кымбат, көп убакытты талап кылган оор процесс. Азыркы маалда жаңы баштап жаткан долбоорубуздун алкагында 12 мүнөттүк анимацияны төрт айда жасап бүтөбүз деп турабыз. Негизи ага жарым жыл убакыт кетиши керек болчу. Жакшы долбоорлор бир же эки жылда бүткөрүлүп, аны жасоого 200-300гө чейин адис катышат. Ошондуктан дараметибизге жараша азырынча кыска метраждуу эмгектерди жаратып жатабыз. Ал эми Манас баатыр жөнүндө 7-8 мүнөттүк бир видеокомиксти бир айда жасап бүткөнбүз. Ага жеңил анимация колдонулган. Анимация жасоодо эң оору — сүрөт тартуу. Бир серияга эле 160-200дөй сүрөт керек. Дагы алты серияны тартып баштоо алдында турабыз. Анда Манас Бээжинге чейин жетет. Алардын анимациясынын жасалышы бир топ эле оор. 
© Фото / Предоставлено анимационной студией "Tentek"Жаштардын демилгеси, аракети менен жасалган контенттер азыр билим берүү тармагында да колдонулуп келет
Анимационная компания Тентек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жаштардын демилгеси, аракети менен жасалган контенттер азыр билим берүү тармагында да колдонулуп келет
— Кыргыздын көчмөн турмушу, басып өткөн жолу, үрп-адаты... Сиздер кайрыла турчу материалдар арбын экен да?
— Ооба. Идеяларыбыз абдан көп. Келечекте Семетей, Сейтекти да анимация кылып калышыбыз мүмкүн, жасай турчу иштер толтура. Кичи эпостордон Эр Төштүктү изилдеп, аны менен дүйнөлүк аренага чыкса болот. Анда дүйнөдө азыр өтө популярдуу болгон фантастика жанрындагы элементтер арбын. Кенже, чоң эпостордон сырткары, урунттуу тарыхый окуялар, каармандар, көчмөндөр турмушуна да кайрылып, бир топ анимациялык эмгектерди жаратса болот.
Көкөтөйдүн ашын тасмадан көргүңүз келеби? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2019
Көкөтөйдүн ашын тасмадан көргүңүз келеби? Видео
Элге сапаттуу жакшы контент бергибиз келет. Бүгүнкү күндө илимий фантастика жанрындагы "Сайкал" долбоорун баштадык. Ар бир сериясы 5-7 мүнөт болот. Анан Кыргызстан менен чектелбей сөзсүз чет өлкөлүк аудиторияга чыкпасак болбойт. Максатыбыз Netflix, Disney, Pixar сыяктуу эл аралык компаниялар менен иштешүү. Азыркы контентибиздин басымдуусу орус тилинде чыгып жатат, акырындык менен англисче, түркчө да даярдай баштадык. Эң башкы максатыбыз — Голливуддай толук метраждуу мультфильмдерди тартуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0