https://sputnik.kg/20211105/kyrgyzstan-vengriya-ehlchilik-aba-kattam-1054494306.html
Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат
Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. 05.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-05T12:14+0600
2021-11-05T12:14+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
венгрия
аба каттам
элчилик
https://sputnik.kg/img/103715/20/1037152070_0:219:3100:1964_1920x0_80_0_0_9b549faf5e28489c281e450babc642aa.jpg
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Бишкекте өтүп жаткан "Борбордук Азия ― Европа биримдиги" форумунда билдирди.Анын айтымында, Бишкектен Будапештке жумасына эки каттам аткарылып турмакчы.Каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп келет. Апрель айында Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын жетекчиси Бишкек ― Будапешт ― Абу-Даби аба каттамын ачуу маселесин талкуулоо үчүн учуп келген.Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган өлкөдө Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы макулдашылган.
https://sputnik.kg/20210907/kyrgyz-vengriya-fondu-zhaparov-1053832555.html
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103715/20/1037152070_369:0:3100:2048_1920x0_80_0_0_be1ec1c8a0b06385a67d141e1d35f33f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, венгрия, аба каттам, элчилик
жаңылыктар, коом, кыргызстан, венгрия, аба каттам, элчилик
Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат
12:14 05.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Бишкекте өтүп жаткан "Борбордук Азия ― Европа биримдиги" форумунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкектен Будапештке жумасына эки каттам аткарылып турмакчы.
Каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыртан бери жүрүп келет. Апрель айында Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясынын жетекчиси Бишкек ― Будапешт ― Абу-Даби аба каттамын ачуу маселесин талкуулоо үчүн учуп келген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган өлкөдө
Кыргызстандын элчилиги ачылган. Кийин Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын
бере тургандыгы макулдашылган.