Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБудапешт шаары, Венгрия. Архив
Будапешт шаары, Венгрия. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетине элчиликтин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы коюлду.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүү үчүн Будапешт шаарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам министрлер кабинетине элчиликтин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0