00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
08:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
1 млрд. сомдон ашкан МЖӨ долбоорлорунун механизми жөнөкөйлөштүрүлдү — эми түз сүйлөшүү болот
09:05
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Из старых бутылок - брусчатка, из отходов - электричество: директор Бишкекского полигона о мусоре как ресурсе
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Энергияны көп сарптаган ишканаларда кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн

© Sputnik / Евгений Переверзев / Медиабанкка өтүүЖогорку чыңалуудагы электр мамылары. Архив
Жогорку чыңалуудагы электр мамылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бул кышта өлкөдөгү эритүүчү заводдордо электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле мончо, сауналарга энергиянын башка булактарына өтүү сунушталууда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынан билдирди.
Маалыматка караганда, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы электр энергиясын көп сарптаган ири өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөргөн.
Жогоруда аталган эки ишкананын тең жетекчилери жыйынга келгендерге 2021-2022-жылдын күз, кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын үнөмдөө керектигин эскертишти.
"Бул максатта эритүүчү жана куюучу заводдордо, ошондой эле электр энергиясын көп сарптаган башка ишканаларда кышында электр жарыгын өчүрүү маселеси каралып жатат. Мындан тышкары, мончо жана сауналарга энергиянын башка булактарына өтүү сунушталууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Аял жылыткыч менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
"Түндүк электр" эртең менен жана кечинде жылыткычтарды колдонбоону өтүндү
Ошондой эле Бишкектин чек ортосундагы ЦУМ, ЦУМ-2 жана "Дордой Плаза" соода борборлорунда электр энергиясы кандай колдонулуп жаткандыгын аныктоо үчүн текшерүү иштери жүргүзүлдү. Аталган борборлорго электр энергиясын жеткирген "Электросила" компаниясы берген маалыматка караганда, булар колдонгон энергиянын көлөмү белгиленген чектен ашкан жок. Ошого карабай электр тогун жылытууга колдонууга болбой турганы эскертилди.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
Буга чейин учурда энергетикадагы чыныгы абал кандай экенин энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0