Көмүрдү кантип үнөмдүү жагууга болот? Үйдү туура жылытуудагы 4 шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөмүр меши. Архив
Көмүр меши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Үйдөгү жөнөкөй эле аракеттериңиз узакка созулган ызгаарлуу кышты жеңил жана азыраак чыгым менен өткөрүүгө көмөкчү болот.
Суунун аздыгынан улам Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык күчөп барат, адамдар үйлөрүн электр менен жылытуудан баш тартууга аргасыз болууда. Биз көнгөн газ, көмүр, отундун бир катар артыкчылыктары бар, бирок үйдү дурус жылытыш үчүн аларды пайдаланууда эрежелерди сактоо абзел.
Бул жолу Sputnik Кыргызстан көмүрдү жагуу жана жылытуу чыгымдарын азайтуунун жолдорун айтып берет.

Кыш камылгасын көрүү

Күн сууктай баштаганда мештин абалын сөзсүз текшериңиз. Морду же жылыткыч казанды улам тазалап туруу зарыл. Мордун тазалыгы — үйүңүздүн жылуулугуна өбөлгө. Эгер түтүн түтүктөрү толуп турса көмүр коромжу болот, отун-суу чыгымы да артат.
© Sputnik / Григорий СысоевМордун тазалыгы — үйүңүздүн жылуулугуна өбөлгө. Эгер түтүн түтүктөрү толуп турса көмүр коромжу болот, отун-суу чыгымы да артат.
Профессия трубочиста - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мордун тазалыгы — үйүңүздүн жылуулугуна өбөлгө. Эгер түтүн түтүктөрү толуп турса көмүр коромжу болот, отун-суу чыгымы да артат.
Көмүр көп корой берсе, мешти алмаштырып же оңдотконуңуз оң. Ал эми меш кызарганча ысып, бирок үй жылыбаса өрт коркунучу туулат. Айрыкча иске көңүл буруңуз, эгер үйдө истин жытын сезсеңиз же мештин бурчтарынан түтүндү байкасаңыз, анда дароо мешти оңдотуп же алмаштырууңуз кажет.

Кандай мешке алмаштырган жакшы?

Азыр сатыкта мештин түрү көп. Эң эффективдүүсүн, тастыктоодон өткөнүн жана коопсузун тандаганга тырышыңыз. Ооба, алар кымбатыраак, анткен менен меш тийиштүү текшерүүдөн өткөнү боюнча кепилдикке ээ болосуз.
© AP Photo / CAROLYN KASTERЖакшы жылытуучу мешти жагуу менен отунду 30 пайызга кыскартууга болот
Обогрев частного дома - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жакшы жылытуучу мешти жагуу менен отунду 30 пайызга кыскартууга болот
Колго жасалган жылыткыч казандарын пайдалануу кооптуу, технологияга же көмүр чыгымы паспорттук маалыматтарга шайкеш эмес, тез эле жарактан чыгып калат. Жакшы жылытуучу мешти жагуу менен отунду 30 пайызга кыскартууга болот. Башкача айтканда, мурда бир тонна көмүр жаксаңыз, азыр 700 килограмм гана сатып аласыз. Мындай мештерде көмүр толугу менен күйгөндүктөн да жакшыраак жылытат.

Көмүрдү кантип жагуу керек?

Энергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу

Отунду майнаптуу пайдалануу үчүн анын күйүшүнө дайым көз салып туруңуз. Меш кантип жылып жатканын байкаңыз, эгер сары-кызыл жалындап, ал эми түтүн тунук болсо, демек, туура от жагып жатасыз. Эгер от кыпкызыл жанып, кара түтүн чыкса, бул көмүр толук күйбөй, көп коромжу болуп жатканынан кабар берет. Себеби көмүр ысыганда газ бөлүп чыгарат, ал кычкылтек менен кошулуп, жалын чыгат. Эгер кычкылтек аз чыкса, анда көмүр куру эле сарпталат. Ошондуктан аз-аздан жагып турган дурус. Майда көмүр алган болсоңуз, анда аны күйүп жаткан жыгач отундун үстүнө себелеңиз.

Көмүрканага чаң көп толот эмеспи, аны да текке кетирбей жагууга болот. Сууга көөлөп туруп, мешке себелеңиз. Мында мештин оозун ачык кармап, чаң күйө баштаганда кесек көмүрдү салыңыз.
© AP Photo / Elizabeth DalzielЭгер от кыпкызыл жанып, кара түтүн чыкса, бул көмүр толук күйбөй, көп коромжу болуп жатканынан кабар берет
Работа на угольном складе в Китае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эгер от кыпкызыл жанып, кара түтүн чыкса, бул көмүр толук күйбөй, көп коромжу болуп жатканынан кабар берет

Кандай көмүр сатып алуу зарыл?

Кыргызстанда көмүрдүн түрлөрү сатылат, баасы аймактарга жараша айырмаланат. Баары эле бизде сатылган мештердин көпчүлүгүнө жарайт, ошондуктан үйүңүзгө жакыныраак жерден сатып алганыңыз жакшы. Алыстан тартып келген көмүргө караганда арзан түшөт.
Эң кымбат көмүр Сүлүктүнүкү. Табы күчтүү, бирок үй жылытууга сейрек колдонулат. Ошондуктан көмүр сатып алардан мурун ар кыл сатык түйүндөрүнөн издеп, сапатын караңыз. Айтмакчы, көмүрдү текшербесеңиз да адатта аны үйүңүзгө жеткирилген соң сатып алуудан баш тартууга болбойт. Кап-кап сатып алгандан көрө тонналап алган арзан түшөт. Аз-аздан өлчөнгөн көмүрдүн баасы 5-10 эсеге өсүп кетет.
© Sputnik / Эмиль СадыровКанчалык "майлуу" болсо, ошончолук жакшы күйөт деп калышат. Чындап эле көмүрдүн мындай түрү сонун, бирок морду аябай булгайт.
Добыча угля в Кызыл-Кие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Канчалык "майлуу" болсо, ошончолук жакшы күйөт деп калышат. Чындап эле көмүрдүн мындай түрү сонун, бирок морду аябай булгайт.
Мешке салынчу көмүрдүн кесеги эки-беш сантиметр, анан да түсү бирдей болгону жакшы. Курамы да бир өңчөй болушу шарт, майдалары же чаңы көп болсо, сапаты начар, табы жок, күлү көп чыгат. Боз аралашкан болсо да сатып албаңыз. Ал мештин торун толтуруп, дегеле күйбөйт. Канчалык "майлуу" болсо, ошончолук жакшы күйөт деп калышат. Чындап эле көмүрдүн мындай түрү сонун, бирок морду аябай булгайт. Эгер андай көмүр сатып алган болсоңуз, морду тез-тез тазалап турганга даяр болуңуз.
Көмүрдүн күлүн жер семирткич катары пайдаланууга болбойт. Ал радиоактивдүү жана канцерогендүү (рак илдетин козгоочу) келет. Ошондуктан аны үй курулушунда же чатырды жылуулоодо колдонуу кооптуу. Андан көрө көмүрдүн күлүн тоңголок, тайгак көчөлөргө сээп же чуңкурларга төгүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0