Бишкекте шаардын дизайн-коду түзүлүп жатат. Максаты

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Бишкек аймактарга бөлүнөт. Калаанын чок ортосундагы көрнөк-жарнактарга катуу талаптар коюлары айтылды.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте шаардын бирдиктүү дизайн-коду — тышкы көрнөк-жарнактар жөнүндөгү документ иштелип чыгат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев
Первый замначальника Бишкекглавархитектуры Марат Жороев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев
"Дизайн-код келерки жумада өтө турган ачык тегерек столдо талкууланат. Анын жардамы менен башаламан илинген тышкы жарнактар менен күрөшүүгө шарт түзүлөт. Биз көрктөндүрүү боюнча дагы эреже киргизүүнү пландап жатабыз", — деди ал.
Анын айтымында, дизайн-код кабыл алынса ишкер көрнөк-жарнак илүү үчүн уруксат сурап мэрияга барып отурбайт. Бирок стандарт бузулса жарнак алып салынат. Ал эми өзгөчө идеясын ишке ашыргысы келгендер долбоор түзүп, мэрия менен макулдаша алат.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн дирекция түзүлөт. Милдети
"Биз шаарды аймактарга бөлүп жатабыз (тарыхый жана перифериялык). Бишкектин чок ортосу катуу талап коюлган аймак болмокчу", — деди Жороев.
Ал эми Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кадыров биринчи этапта мыйзамсыз жарнактарды демонтаждоо иши Бишкектин борбордук бөлүгүнөн башталганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0