00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Киришпе, иштен кетесиң! Жапаров шайлоо алдында атайын жарлык чыгарды

Шайлоо участогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Жаңы гана чыккан жарлыкта министрлер кабинетине, тартип коргоо органдарына, облус-район башчыларына, алардан сырткары Башкы прокуратурага, БШК менен Жогорку сотко шайлоону мыйзамды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча тиешелүү милдеттер тагылган.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Документте бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызматтагы адамдардын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар кандай формаларына айланбашы керектиги белгиленген, талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасир тийгизбеши эскертилген.
  Министрлер кабинетине, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, облус башчыларына, акимдерге, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төмөнкү нерселер катуу эскертилген:
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгилеген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактасын;
  • КРдин жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
  • аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салсын;
  • талапкерлерге жана саясий партияларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылсын;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга кызмат ордун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салсын;
  • билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салсын;
  • шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызмат ордун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартсын, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан бошотсун.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына, шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын жоболорунун аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүү, алардын шайлоо комиссиялары тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
Башкы прокуратурага төмөнкү тапшырма берилген:
  • шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын аткарылышына натыйжалуу прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында табууга жана болтурбоого жетишсин;
  • мыйзамдын бузулгандыгы жөнүндө арыздардын жана билдирүүлөрдүн келип түшкөн-түшпөгөнүнө карабай, дайыма көзөмөл жүргүзүп турсун;
  • ар бир табылган шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун фактысы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз убагында прокурордук чараларды көрсүн;
  • Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен тыгыз өз ара иштешип, жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулардын, саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын арыздарын жана даттанууларын оперативдүү кароону камсыз кылсын;
  • саясий экстремизмге, конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүчүлүктү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү активдештирсин.
Шайлоо урнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Админресурс болбойт! Президенттик администрация акимдер менен жыйын курду
Ал эми Жогорку сотко шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин катышуучуларынын бардык келип түшкөн арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароону камсыз кылуу, шайлоо талаштарын кароонун бирдей соттук практикасын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү боюнча милдет тагылган.
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги БШКнын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна көмөк көрсөтүү милдети тагылган.
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын 28-ноябрда шайлайт. Жаңы, VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округ менен шайланып келмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0