Медведев: дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы келди

© Sputnik / Юлия Зырянова / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Дмитрий Медведев COVID илдетинен эмдөөнүн темпи, оорунун кооптуу штаммдары, көп өлкөлөрдүн саясий эрк көрсөтүүгө даяр эместиги дүйнөлүк экономикадагы кырдаалга таасирин тийгизип жатканын айтты.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы башталды. Бул тууралуу билдирүүнү Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев айтканын "Российская газета" жазды.
Анын айтымында, учурда дүйнөлүк экономикадагы кризистен чыгуу боюнча эч ким так божомол бере албайт.
"Бардык жерде тамак-аш кымбаттап, азык-түлүктүн инфляциясы тездеп жатат. Азыр дүйнөлүк экономикада болуп жаткан окуяларды 2008-2009-жылдардагы финансылык кризистен алда канча олуттуу болууда деп бир сөз менен сыпаттаса болот", — деген Медведев.
Шамал электр станциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жашыл экономика. Каатчылык менен кем акыл саясатчылардын символу
Жалпысынан, Медведевдин айтымында, кризис ааламдашуу деңгээли жогору өнүккөн өлкөлөргө тийди, бирок ошол эле учурда экономикасы өнүккөн өлкөлөр тездик менен калыбына келүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун божомолуна ылайык, өнүккөн өлкөлөрдүн көбү 2022-жылдын аягында кризистен чыгып, толугу менен абалды калыбына келтиришет. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөр 2024-жылда пандемияга чейинки абалына кайра келе аларын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк кризистин кесепеттерин жоюу үчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жана баалардын туруктуулугун сактоого багытталган эффективдүү саясат талап кылынат.
"Азыртадан эле кээ бир өлкөлөрдүн карызынын көбөйүшү жана инфляциянын болуп көрбөгөндөй темп менен жогорулашы жаңы чакырыктарга айланды. Ошондой эле көп жагдай тышкы соода жүгүртүүнүн кайра жандануу темпине, өзгөчө кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорт-импортуна жараша болот. Азыр эч ким так божомол айта албайт", — деген Медведев.
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Европанын энергетикалык каатчылыгына чындап ким күнөөлүү? Сереп
Ал белгилегендей, дүйнөлүк абалга көптөгөн экономикалык эмес факторлор, маселен: калкты эмдөөнүн тездетилиши, COVID илдетинин жаңы штаммдарынын пайда болуу коркунучу, өзгөчө күчтүү – саясий мүнөздөгү факторлор, анын ичинде коронавируска каршы күрөштө эл аралык кызматташууга саясий эрк сыяктуу көрүнүштөр таасир этет.
Деген менен бардык эле мамлекеттер эрк көрсөтүүгө даяр эмес. Медведев кошумчалагандай, бул бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири.
Жаңылыктар түрмөгү
0