Европанын энергетикалык каатчылыгына чындап ким күнөөлүү? Сереп
14:15 10.10.2021 (Жаңыртылды: 23:17 22.12.2021)
Жазылуу
Европанын фьючерстик рыногундагы дүрбөлөң бир айдан ашуун убакытка созулду. Августтун башында эле газдын миң куб метри TTF европалык хабынын индекси боюнча 515 доллардын деңгээлинде болсо, андан бир ай өтпөй 614 долларга чыккан.
Дүйнөлүк рынокто көгүлтүр оттун сунушун көбөйтүү демилгесин Путин эмне үчүн колдогонун, Европа биримдигинде энергетикалык кыйсыпырга эмне түшүрүп жатканын серепчи Игорь Юшков талдап берди.
Фьючерстер кымбаттап отуруп, рекордун жаңыртты. 6-октябрда көгүлтүр оттун миң куб метри 1937 долларга чыгып, тарыхый рекорд койду. Андан соң табигый газ рыногунда баа кандай ыкчам көтөрүлсө, дал ошондой тездик менен түшө баштады. 7-октябрда 1000 доллардан төмөн болду. Буга эмне себеп, бааны арзандатууда Россиянын ролу туурасында РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков "Sputnik на русском" каналыбызга учкай маек курду.
Жаңылыктарга жараша
Фьючерстик рынокко ага түз байланышы жок эле ар кыл окуялар таасир этерин белгилеген Игорь Юшков энергетикалык рыноктун тарыхына кирген 6-октябрдагы тооруктун кабарларынан фьючерстер көз каранды экенин айтат.
© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРоссиянын ролу туурасында РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков
Россиянын ролу туурасында РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков
© Sputnik / Нина Зотина
/ "Бир күн ичинде эле баа 1900 доллардан ашып, кайра 600 долларга түшкөнүнө күбө болдук. Анткен менен суроо-талап жана сунуштун тең салмактуулугунан алганда реалдуу газ рыногунда эч кандай өзгөрүү деле байкалбады. Европа канча газ колдонуп келген болсо азыр деле ошол көлөмдө пайдаланууда. Сырттан ташып келүү да токтоп калган жери жок, - дейт эксперт. – Бирок "Түндүк агым – 2ни" ишке киргизишчүдөй эмес" деген, ошол эле убакта көмүрдүн баасы да тарыхый рекордго чыкканы (Европада 6-октябрда энергетикалык көмүрдүн тоннасы 300 доллардан ашты – ред. тактоосу) тууралуу кабарлар тарады. Ошол күнкү окуя мына ушул маалыматтарга рыноктун реакциясы гана болду.
Көмүр кымбатташы болжонгон эле көрүнүш экенин кошумчалайт Юшков. Себеби газдын баасы асман чапчыганда компаниялар энергиянын башка булактарына өтүүгө умтулууда. Европа да ошондон улам көмүрдү көп жага баштады.
"Ал эми ашкере суроо-талап баанын кымбатташына алып келди", - дейт эксперт. Фьючерстерге маалыматтардын таасирине Владимир Путиндин 6-октябрдагы энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча жыйынын да мисал келтирет Игорь Юшков.
"Бул жагымдуу жаңылык эле. Ал (РФ президенти – ред.) кошумча экспорт үчүн "Газпромдун" мүмкүнчүлүктөрү болсо, кыйын кырдаалда кол сунбай коюу болбостугун белгилөө менен жарлык чыгарганын эске салды Юшков. – Бул Европага газ ташуунун көлөмүн жогорулатылары катары кабылданды. Дал ушул белги көгүлтүр оттун арзандашына түрткү боло алмак".
Россияга мындан эмне пайда?
Европага газ ташууну жогорулатуу бааны чындап эле арзандатышы ыктымал, себеби атаандаштык шартында компаниялар бааны төмөндөтүшөт. Бирок Россия үчүн рынокту турукташтыруу маанилүү, анткени өтө кымбат баа суроо-талапты да кескин азайтарын боолголойт Игорь Юшков.
"Керектөөчү компаниялар анчалык кымбат газды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт, - дейт ал. – Маселен, азот жер семирткичтерин өндүрүшчүлөр аны газдан алышат. Бир катар ишканалар заводдорунун ишин токтотту, себеби чыгым арткандыктан жаңырган баада жер семирткичтерди сатуу мүмкүн эмес. Же айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгаруучулар күнөсканаларды газ менен жылытышчу, эми алар да ишине тыныгуу жарыялап туру".
Газдын миң куб метринин баасы 200-300 доллар болуп турса бир жөн эле. Андайда көгүлтүр от кайра калыбына келүүчү энергетикадан да кирешелүү болорун белгилейт серепчи.
"Газ миң долларга чыкканда кайра калыбына келүүчү энергетика атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү, - дейт эксперт. – Бизге кымбат баа пайдалуу, бирок ашкере кымбаттын зарылдыгы жок".
Көгүлтүр от рыногунда баалардын өсүшүн трейдерлердин позициясы менен түшүндүрүүгө болорун белгилейт Юшков.
"Европада эмитен эле каатчылык байкалып жатса, жылуулук сезону башталганда кандай күн күтөт деп кооптонгон алар газга байланыштуу фьючерстик контракттарды жапырт сатып алууга киришсе керек. Ошентип газ келишимдеринин да баалары кескин түрдө өсүп кетти", - деп жоромолдойт ал.
6-октябрдагы окуядан соң Европа биримдигинин беш, атап айтканда Франция, Испания, Чехия, Румыния жана Грециянын экономика жана каржы министрлери биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Анда энергетикалык каатчылыктын себебин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүү сунушталган.
"Күнөөлүүлөрдү издөөнүн ордуна Европа өзү күзгүгө каранганы оң болмок, - дейт Игорь Юшков. – Каатчылык эмнеден улам каптады? Өз саясатына жана ишканаларын карасаңыздар! Европа мурунку жылуулук сезонунан бош газ сактагычтар менен чыкпады беле". Андагы газдын көлөмү былтыркы жылдын аба шарттарынан улам бөксөрө түшкөн.
"Кыш бир топ ызгардуу, ал эми жай аптаптуу болду. Абаны салкындатууга энергия көп сарпталды", - дейт ал. Анткен менен газ ишканалары баанын кымбаттыгынан улам корогон көлөмдү толуктоого ашыкпаганын айтат Юшков.
"Ар бир ишкана азырынча кымбатка сатып алуунун кажети жок, андан көрө кышында арзандайт, ошондо чыгымды жаап коем деген ойдо болду. Анан баа 500 долларга чыкты. Эң кымбаттаганы ушул, мындан ары арзандайт деп жоромолдошту. Анткендин ордуна 600, 700, 800 долларга көтөрүлүп отуруп октябрь айы келип калды", - дейт эксперт. Жергиликтүү ташуучулардын көйгөйлөрү да газ каатчылыгынын дагы бир себеби экенин белгилейт Игорь Юшков.
"Норвегия газ алуунун көлөмүн төрт жылдан бери азайтып, ал эми Алжирде ички керектөө өсүүдө. Ошондуктан ал мурдагыдан газды азыраак экспорттоп жатат. Себеби ушул", - дейт РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков.
Маекти толук вариантын YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.