Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин паркында сейилдеп жүргөн кишилер
Бишкектин паркында сейилдеп жүргөн кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
31-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй, Талас облустарынан башка аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +5...+10, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, ал эми Ошто жамгыр себелеши ыктымал. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0