Боз үйлөрү 30 миң долларга чейин бааланган Төлөсүн: акча деген айылда

© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер Төлөсүн Бектемиров
Ишкер Төлөсүн Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Төлөсүн Бектемиров боз үй жасап чет өлкөлүктөргө саткандан сырткары, командасы менен ак өргөө  тиккен убактысы боюнча рекорд да жаратып келет. Бул командасыз ордо калаада ири иш-чара өтпөйт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө өнөрдүн ээси, боз үйлөрү менен чет элдиктерди суктанткан ишкерди кепке тартты.
— Төлөсүн, биз билгенден сиз боз үй жасаган эле уста эмес, аны саткан ишкер жана ак өргөөнү тез тиккен рекордчу да болуп саналасыз. Буга сиздин боз үйчүлөрдүн мекени делген Кызыл-Тууда төрөлгөнүңүз да себеп болсо керек?
— Албетте. Өзүңөр билгендей, Кызыл-Туу — боз үй жасагандардын, уздар менен усталардын айылы. Элет жашоочуларынын 90 пайызы боз үй жасайт. Ал жакта ар бир экинчи үй-бүлө ушул иш менен алектенгендиктен, балдары ата-энесине жардам берип жатып өздөрү эле уста, уз болуп чыгышат (күлүп). Маселен, көбү бала чагынан боз үйдүн чийин, жыгачтарын аарчып, ташып, жип согушуп жатып 11-классты бүткөнчө эле чебер болуп чыга келишет. Кызыл-Тууда менин эле эмес, балдардын баарынын бала чагы ошентип эле өткөн, азыр да өтүп жатат.
Үй-бүлөдө боз үй жасоо боюнча үчүнчү муунмун. Бизге ата-энебиз жол көрсөткөн. Атам "Кыял" бирикмесинде иштегендиктен боз үйлөрдү жасоо, тигүү боюнча буйрутма көбүнчө ошол киши аркылуу келчү. Ар кандай иш-чараларга барып 15-20дан боз үйдү тигесиң. Эртеси же иш-чара бүткөн күнү кайра анын баарын чечесиң. Ошентип жатып өзүбүз эле боз үйдү тез тигип, тез чечкенге көндүк.
© Фото / предаставлено Толосуном БектемировымИшкер Төлөсүн Бектемиров: Үй-бүлөдө боз үй жасоо боюнча үчүнчү муунмун. Бизге ата-энебиз жол көрсөткөн. Атам "Кыял" бирикмесинде иштегендиктен боз үйлөрдү жасоо, тигүү боюнча буйрутма көбүнчө ошол киши аркылуу келчү.
Предприниматель Толосун Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ишкер Төлөсүн Бектемиров: Үй-бүлөдө боз үй жасоо боюнча үчүнчү муунмун. Бизге ата-энебиз жол көрсөткөн. Атам "Кыял" бирикмесинде иштегендиктен боз үйлөрдү жасоо, тигүү боюнча буйрутма көбүнчө ошол киши аркылуу келчү.
— Боз үйдү тигүү убактысы боюнча рекорд жаратып келе жатасыздар. Эң биринчи рекордду кайсы жактан койдуңар эле?
— 2014-жылы КТРКда "Кыз-жигит. Сармерден" долбоору болуп, анда Көлдүн жигиттери менен Алайдын кыздары беттешип калды. Анан уюштуруучулар "Көлдүн жигиттери, боз үйдү бат тиккенди көрсөтүп бербейсиңерби" деп сунушташты. Биз макул болуп, командабыздагы алты бала барып биринчи жолу боз үйдү алты мүнөттүн ичинде тиккенбиз. Ага чейин даярданып, ким эмнесин кыларын бөлүштүрүп алганбыз. Бирок калыстардын чечими менен бир мүнөт кошулуп калган.
— Негизи жарыш болбогондо боз үй канча мүнөттө тигилет?
— Боз үйдү тиккенди билгендер көтөрсө 1-1,5 саатта бүтөт. Эгер билбегендер же чала-була билгендер болсо, эртеден кечке жүрүшөт.
— Билбегендерге татаал эле го. Анын ар бир бөлүгүн өз орду менен тигүү кажет да.
— Ооба, жалпы жонунан татаал эле. Кереге жайылып, каалга байланганга чейинкиси оорураак. Боз үй тигүүдө эң башкысы — түндүктү жакшылап көтөрүп, ал түз отурушу керек. Түндүктү түз отургузуп алган соң калган жумуштары бат эле бүтөт.
— Түндүктү адатта эркек адам көтөрүшү керек эмеспи.
— Негизи эркек көтөрүшү керек. Бирок илгери ата-бабабыз көчүп-конгон убакта аялдар көч менен алдыга кетип, эркектер мал айдап артында калчу экен. Көч эркектерден эрте барып, түндүк көтөргөнгө эркек жок болуп калганда аял кичинекей болсо дагы эркек балага этегин карматып коюп көтөрө бергени айтылып жүрөт. Негизи түндүк сөзсүз эркектин катышуусу менен көтөрүлүшү керек.
© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер Төлөсүн Бектемиров: Боз үйдү тиккенди билгендер көтөрсө 1-1,5 саатта бүтөт. Эгер билбегендер же чала-була билгендер болсо, эртеден кечке жүрүшөт.
Предприниматель Толосун Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ишкер Төлөсүн Бектемиров: Боз үйдү тиккенди билгендер көтөрсө 1-1,5 саатта бүтөт. Эгер билбегендер же чала-була билгендер болсо, эртеден кечке жүрүшөт.
— Боз үйдү бат тигүү иш-чарасы тууралуу сурагым келип жатат. Бир эле сиздердин команда рекорд жаратып жүрөбү же башка аймактарда да ушундай командалар барбы?
— Биринчи Көчмөндөр оюндарында башкы режиссер Алтынбек Максутовго боз үйдү бат тигүү боюнча сынак кылбайлыбы деп сунуш киргиздик. Ал киши баш тарткан жок, "ар бир облустан командаларды чакыралы"деп айтты. Ошентип Көчмөндөр оюндарында дал ушул сынакка катышуу үчүн ар аймактан 33 бала келди. Ар бир команда алты баладан турат. Сынактын башкы максаты — ак өргөөнү тез көтөрүү эле эмес, жаштарды боз үйгө, аны тигүүгө кызыктыруу. Анткени аксакалдардын көзү өтүп жатат. Кийинки муундун баары эле аны тигүү ыкмасын билбейт. Сынак көп өтүп турса жаштар да ага кызыгып, боз үй тууралуу түшүнүгү болот. Экинчиден, бул кызыктуу. Үчүнчүдөн, биз салт-каадабызды пропагандалап жатабыз.
Артисттер театралдык көрсөтүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Каныкейдин калыңы канча миң долларды чапчыган, бай Жакып миллиардер беле? Сандар
Азыр кайсы район, аймакка барбайын, баягы мелдешке катышкан балдар менен жолугабыз. Ар бири өз аймагында кандайдыр бир иш-чаралар болуп калса ижарага боз үйлөрдү тигип, акча да таап жатышат.
— Жогоруда өзүбүздүн боз үй тиккен тобубуз бар деп калбадыңызбы, эмне иш кыласыңар?
— Өлкөдөгү чоң-чоң иш-чаралар биздин айыл жок өтпөйт. Анткени андай иш-чараларда кырка боз үйлөр тигилет. Ошонун баарын өзүбүз алып барып, көтөрөбүз. Айылда боз үйдү жасап коюшат дагы, сатылганга чейин ушундай маараке, тойлорго ижарага берип турушат. Айыл эли ортодон минтип дагы пайда көрөт.
Бизде жамандык, жакшылыктарга ылайыкталган боз үйлөр бар. Аларды ижарага беребиз.
© Фото / предаставлено Толосуном БектемировымИшкер Төлөсүн Бектемиров: түндүк сөзсүз эркектин катышуусу менен көтөрүлүшү керек
Предприниматель Толосун Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ишкер Төлөсүн Бектемиров: түндүк сөзсүз эркектин катышуусу менен көтөрүлүшү керек
— Ошондо бир боз үйдүн ижара акысы канча сом болуп калат?
— Ар кандай. Иш-чаранын деңгээлине жараша. Мисалы, Көчмөндөр оюндарында 20 миңден 200 миң сомго чейин берилген. Бишкектеги иш-чараларга 10 миңден 50 миңге чейин берилип жүрөт.
— Эгер шаардын бир тургуну куда тосууга боз үй ижарага алууну кааласа, канча сом болот?
— Эгер куда тосуу Бишкек шаарында болсо, анда 2-3 суткага 15 миң сом. Биздин атайын той үчүн жасалган ак өргөөбүз бар. Аны өзүбүз тигип беребиз. Айтор, тигип, кайра чечкен акысы менен 15 миң сомго барат. Ал эми жамандыктарда ар кандай. Колунда бары бар, жогу бар. Кырдаалга жараша 5-10 миң сомго чейин барат. Боз үй ижарага сурагандар көп, телефон тынбайт. Айрыкча, жамандыктарга көп сурашат.
— Боз үйлөргө чет өлкөлүктөр да кызыкса керек.
— Ооба, абдан көп. Азыркы тапта Австралияга диаметри 15 метр 150 баш боз үй даярдап жатабыз.
— Абдан чоң экен. Буйрутма беришти беле?
— Ооба. Мен өзүм туризм тармагында да эмгектенем. Келген туристтерге жер көрсөтүп, боз үйдө жашайбыз дегендерге боз үй тигип беребиз. Четтен келген коноктор биздин ак өргөөгө ошондо аябай кызыгып калышат. Австралиядан Кыргызстанга бир конок келип, боз үйдү жактырып калып буйрутма берген. Сыягы, жеке ишкер окшойт. Бирок ага жыгач, ташын эле жасадык. Үстүн кийиз эмес, өзү жука бир нерсе жаптырып алам деди. Менин боз үйлөрүм көбүнчө чет жактарга сатылат.
© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер Төлөсүн Бектемиров: Башка айылдарга салыштырмалуу бизде мигранттар жокко эсе. Бөлөк айылдарга кирип калсаң улуу муундагы кишилердин бир бурчта карта ойноп же ушак айтып отурганын көрүүгө болот. Бизден андай адам таппайсың.
Предприниматель Толосун Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ишкер Төлөсүн Бектемиров: Башка айылдарга салыштырмалуу бизде мигранттар жокко эсе. Бөлөк айылдарга кирип калсаң улуу муундагы кишилердин бир бурчта карта ойноп же ушак айтып отурганын көрүүгө болот. Бизден андай адам таппайсың.
— Кайсы мамлекеттерге жөнөтөсүздөр?
— Щвейцарияга 20га жакын боз үй, Японияга экөө кетти. Түштүк Кореяга эми сата баштадык. Германия, Италия, Щвейцария сыяктуу Европа мамлекеттеринен буйрутма көп келет.
— Туристтер боз үйдүн эмнесине кызыгат?
— Бир чети кооз. Экинчи жагынан боз үй табигый, таза. 100 пайыз колдун жумушу болгондуктан да кызыгышат. Негизи эле башкалардыкынан кыргыздын боз үйү кайда барбайлы, айырмаланып турат. Кооз, көзгө көрүнүктүү.
Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2020
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
— Чет мамлекеттерге боз үйлөрүңүз канчадан сатылат?
— 1 000 доллардан 30 миң долларга чейин. Боз үйдүн жасалышына, чоңдугуна да жараша. Ошого тууралап өз баасы коюлат.
— Боз үй жасоо бизнеси өзүн актайбы?
— Актайт. Бирок анын баарын өзүбүз жасабайбыз. Жыгачын бирөө, кооздуктарын башкалар, кийизин дагы бирөө жасайт. Алардын ар бирине акысын төлөп беребиз.
Боз үйдү Кыргызстан ичинде арзаныраак сатабыз. Ал эми чет мамлекетке кымбат сатылат.
Боз үй бизнеси өзүн актаган үчүн бүтүндөй бир айыл бул иш менен алектенип жатат. Жогорку окуу жайда окуп, 2-3 билим алган бала деле кайра айылга келип боз үй жасап калат. Маселен, Бишкекте айлык алган жерде иштесең тапканың баскан-турганыңа эле кетет. Бул жактан болсо акча анчалык кетпейт. Бир боз үйдүн жыгачын жасагандар эле 30-40 миң сом табышат. Эгер ал боз үйдү жабуусу менен сата турган болсоң, 100 миң сом чөнтөктө калат.
© Фото / предаставлено Толосуном БектемировымИшкер Төлөсүн Бектемиров: Боз үй тигүү сынагын көп уюштуруп турсак жакшы болот эле. Бул сынакты жөн эле өткөрбөй жаштарды кызыктыруу үчүн башка мелдештердей кемер кур, медаль, грамота деген сыйлыктарды койсо сонун болмок. Негизинен биздин максат — боз үйдү бат тигүү мелдешин ар жылы өткөрүп туруу.
Предприниматель Толосун Бектемиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ишкер Төлөсүн Бектемиров: Боз үй тигүү сынагын көп уюштуруп турсак жакшы болот эле. Бул сынакты жөн эле өткөрбөй жаштарды кызыктыруу үчүн башка мелдештердей кемер кур, медаль, грамота деген сыйлыктарды койсо сонун болмок. Негизинен биздин максат — боз үйдү бат тигүү мелдешин ар жылы өткөрүп туруу.
— Демек, Кызыл-Тууда бош отурган деле киши жок турбайбы?
— Башка айылдарга салыштырмалуу бизде мигранттар жокко эсе. Бөлөк айылдарга кирип калсаң улуу муундагы кишилердин бир бурчта карта ойноп же ушак айтып отурганын көрүүгө болот. Бизден андай адам таппайсың. Жашы өтүп калган апалар оюм-чийим менен алек болсо, аталар чий аарчып, жыгач тазалайт. Баса, Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешине кат жолдоп, Ысык-Көл облусу кол өнөрчүлөрдүн шаары наамын алган.
— Жакшы. Алдыдагы пландарыңыз менен да бөлүшө кетсеңиз?
— Боз үй тигүү сынагын көп уюштуруп турсак жакшы болот эле. Бул сынакты жөн эле өткөрбөй жаштарды кызыктыруу үчүн башка мелдештердей кемер кур, медаль, грамота деген сыйлыктарды койсо сонун болмок. Негизинен биздин максат — боз үйдү бат тигүү мелдешин ар жылы өткөрүп туруу. Азыр демөөрчү издеп жатабыз, табылып калса ар жылы бир маалда Ысык-Көлдө уюштуруп турабыз деген жакшы ниет бар. Бир маалда дегеним, бул мелдешке чет элдик туристтерди да кызыктырыш керек. Алар билетти эрте алгандыктан мелдешти дайыма бир убакытта өткөрсөк, ошого жараша келип турушат. Боз үй фестивалын да жыл сайын өткөрүп туруу боюнча программа жаздык. Демөөрчү чыккандан кийин боз үй жасаган, аны тез тиккен командалардын санын көбөйтсөк деген ниет бар. Бул мелдешке кызыккандар көп.
Жаңылыктар түрмөгү
0