Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кышында уйдан кантип көбүрөөк сүт алуу керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Асель СыдыковаАгробизнестеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун жетекчиси Төрөгул Беков
Агробизнестеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун жетекчиси Төрөгул Беков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Агробизнестеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун жетекчиси Төрөгул Беков малды кышында туура багуу жолдорун айтып берди.
Көпчүлүк фермерлер уй кышында сүт бербейт дешет. Бул жаңылыш пикир. Эгерде суук мезгилде малдын багуусу жакшы болсо, жайдагыдай эле сүт алса болот. Бул тууралуу Төрөгул Беков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кышында уйдан кантип көбүрөөк сүт алуу керек. Адистин кеңеши
Анын айтымында, саан уйду туура багуу боюнча атайын долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунда 6 000 фермер окутулган.
"Биз элди кыдырып, малды кантип багарына кызыкканыбызда көпчүлүгү кыш мезгилинде уйдан сүт чыкпай каларын айтып даттанышкан. Анткени малды кыштын күнү деле талаага айдап жиберишет, күнүнө бир жолудан бир чака муздак суу берип коюшат. Ошондой эле малканалары күн тийбеген, караңгы жерде жайгашкан болот. Биз биринчи кезекте малканаларды күнөстүү жерге куруп, жылуулап, малга да мезгил-мезгили менен күн көрсөтүп туруу зарылдыгын айттык. Ошону менен катар эле саман, чөптү бүкүлү таштап койбой майдалап, туз же жем аралаштырып бериш керек экенин, аз-аздан күнүнө бир нече ирет жылуу суу менен сугаруу зарылдыгын үйрөттүк. Бардык иштер талапка ылайык аткарылгандан үч айдан соң баягы кышында сүт бербей калган саан уйларды кадимкидей саап жатышканын айтып кубанышты. Мындай пилоттук долбоордогу окутуулардан Ысык-Көлдө 6 000 фермер өттү. Алдыда эгер Жогорку Кеңеш колдоп берсе, Дүйнөлүк банктын бөлгөн каражаты менен башка облустардагы 30 000 фермерге да ушундай окууларды өткөрөлү деп турабыз, — деди Беков.
Адис туура эмес шартта кармалган мал кышында энергиясынын дээрлик баарын өзүн жылытууга кетиргендиктен сүт бербей каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0