https://sputnik.kg/20211027/2022-zhyl-kyrgyzstan-200-min-gektar-ayant-dan-eginderin-sebuu-plan-1054371818.html
Эмдиги жылы Кыргызстанда 200 миң гектарга дан эгиндери себилет
Эмдиги жылы Кыргызстанда 200 миң гектарга дан эгиндери себилет
Sputnik Кыргызстан
180 миң гектар аянтка буудай жана 12 миң гектар жерге арпа айдалары айтылды. Келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери... 27.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-27T09:20+0600
2021-10-27T09:20+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
экономика
айыл чарба
буудай
дан
эгин
https://sputnik.kg/img/102801/59/1028015913_0:32:2805:1609_1920x0_80_0_0_5b2ed3e594316674c01bf342b88ed8b6.jpg
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Республикада келерки жылдын түшүмү үчүн 200 миң гектардай аянтка дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Анын 180 миң гектар аянтына буудай жана 12 миң гектар жерине арпа айдалат. Министрлик ошондой эле келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелерин кошумчалады.Министрлик күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102801/59/1028015913_0:0:2361:1771_1920x0_80_0_0_14b21fef0be1a07a1a7b356c578df81d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, айыл чарба, буудай, дан, эгин
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, айыл чарба, буудай, дан, эгин
Эмдиги жылы Кыргызстанда 200 миң гектарга дан эгиндери себилет
09:20 27.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) 180 миң гектар аянтка буудай жана 12 миң гектар жерге арпа айдалары айтылды. Келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелет.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Республикада келерки жылдын түшүмү үчүн 200 миң гектардай аянтка дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын 180 миң гектар аянтына буудай жана 12 миң гектар жерине арпа айдалат. Министрлик ошондой эле келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелерин кошумчалады.
"Дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты өсүмдүктүн вегетация мезгилинде минералдык жер семирткичтер менен камсыздалышына жараша болот. 1-сентябрдан 22-октябрга чейинки аралыкта республикага жалпысынан 5,9 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери алып келинип, учурда дыйкандар сатып алууда. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.