https://sputnik.kg/20211026/batken-koogalanyna-katyshkan-zhookerlerge-status-berilishi-kerek-1054362671.html
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
Sputnik Кыргызстан
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин... 26.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-26T12:28+0600
2021-10-26T12:28+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
абдыгул чотбаев
баткен окуясы
жоокер
статус
чек ара
согуш
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1a/1054362525_0:0:3068:1727_1920x0_80_0_0_cff015f6e5de62d1e2a14ec863658263.jpg
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
Sputnik Кыргызстан
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1a/1054362525_337:0:3068:2048_1920x0_80_0_0_11cacfc559f3af0d94ea0438619f315d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, абдыгул чотбаев, баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
коом, кыргызстан, абдыгул чотбаев, баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
12:28 26.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин статусу каралышы керектигин айтты.
Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.
"Баткен согушуна катышкан жоокерлерге статус берүү тууралуу маселе 1999-жылдан бери көтөрүлүп келет. Башында ошол учурдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен жоокерлерди колдоо максатында 3000 сомдон берилип турган. Кийинчерээк аны алып салышкан. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын катышуучуларынын статусу көтөрүлсүн деп аракет көрүп келебиз. Мисалы, афган согушунун ардагерлери ай сайын 6 миң, майып болгондор 7 миң, каза болгон жоокерлердин ата-энелери миң сомдон мамлекеттен акча алышат. Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин так аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибиздин эмгеги бааланышы абзел", — деди Чотбаев.
Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: