https://sputnik.kg/20211019/ajperi-medet-kyzy-serbiya-dujno-chempionaty-1054264721.html
Айпери Медет кызы эми Сербиядагы дүйнө биринчилигинде күч сынашат
Айпери Медет кызы эми Сербиядагы дүйнө биринчилигинде күч сынашат
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчу азыркы тапта ага даярданып, машыгып жатканын белгиледи. 19.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-19T09:23+0600
2021-10-19T09:23+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
айпери медет кызы
сербия
дүйнө чемпионаты
балбан
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/05/1054126713_0:160:2400:1510_1920x0_80_0_0_0de63f287d48219642bd196bf480e4f2.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.Анын айтымында, эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Анда 23 жашка чейинки балбандар беттешет. Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак менен күрөшкөн Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 76 килограмм салмакта төртүнчү орунга көтөрүлгөн.
сербия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/05/1054126713_140:0:2273:1600_1920x0_80_0_0_d7d7d841f364e5a4521cb7d871b1a3d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, айпери медет кызы, сербия, дүйнө чемпионаты, балбан
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, айпери медет кызы, сербия, дүйнө чемпионаты, балбан
Айпери Медет кызы эми Сербиядагы дүйнө биринчилигинде күч сынашат
09:23 19.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчу азыркы тапта ага даярданып, машыгып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Анда 23 жашка чейинки балбандар беттешет. Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак менен күрөшкөн Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында
коло медаль тагынган."Негизи дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күтүшкөн. Тилекке каршы, алардын үмүтүн актай албай коло тагынып, өзүмө ыраазы болбой калдым. Осло шаарынан келгенден кийин агайларым "ушуну менен жылды жыйынтыктайбыз" дешти. Бирок мен 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу ниетимди билдирдим. Азыр мелдешке даярданып, машыгып жатам", — деди Медет кызы.
Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 76 килограмм салмакта
төртүнчү орунга көтөрүлгөн.