Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл майрам күндөрдүн бири эс алуу күнүнө туура келгендиктен, анын орду иш күнгө жылды.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен дем алыш күн шейшемби, 9-ноябрга, жылдырылат.
2017-жылдан бери 7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.
Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0