00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аскар Акаев "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна 1 млн. сом которду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн каражат топтолуп жатат. Кайрымдуулук акциясында президент, биринчи айым, өкмөт башчы жана башкалар акча которушту.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" реабилитациялык балдар борборуна 1 миллион сом которду. Бул тууралуу анын тарапташы билдирди.
Маалыматты саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да тастыктады. Эске салсак, бүгүн Бишкекте балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга багытталган реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн кайрымдуулук марафону башталды.
Министрдин айтымында, ал кечээ күнү мурдагы президент менен сүйлөшкөн.
"Акаев марафондо сөз сүйлөгүсү келген, бирок техникалык мүчүлүштүктөр болуп калды. Ошондуктан мен анын катын окуп бердим. Ооба, Аскар Акаевич бир миллион сом которду", — деди Бейшеналиев.
Акаевдин катында Кыргызстандын жетекчилигинин демилгесин колдоп 1 миллион сом которгону айтылат. Ал бул каражатты Россиянын фундаменталдык изилдөө фондунан быйыл илимий грант катары алганын билдирген. Катта Акаевдин кол тамгасы жана бүгүнкү күндүн датасы турат.
Эске салсак, комплекс убагында Акаевдин жубайы Майрам Акаева жана анын "Мээрим" фонду тарабынан негизделген. Экс-президент 2005-жылдагы март окуялары балдардын реабилитациялык борборунун ишин көпкө, 16 жылга токтотуп койгонун белгилеген.
© Фото / предоставлено Арстаном ТалгарбековымЭкс-президенттин катын Sputnik редакциясына Акаевдин тарапташы Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков берди
Письмо министру здравоохранения Алымкадыру Бейшеналиеву от бывшего президента Кыргызстана Аскара Акаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Экс-президенттин катын Sputnik редакциясына Акаевдин тарапташы Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков берди
Экс-президенттин катын Sputnik редакциясына Акаевдин тарапташы Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков берди.
Бүгүн кайрымдуулук иш-чарасына Садыр Жапаров дагы катышып, президенттин фондунан 3 миллион сом бөлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы ушундай эле сумма берди. Ал эми биринчи айым Айгүл Жапарова 500 миң сом которду.
Акцияга келгендердин бардыгы кайрымдуулук иретинде колдоо көрсөтүштү. Саламаттык сактоо министринин айтымында, жалпы жонунан 40 миллион сом топтолду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарга арналган Алтын балалык реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Садыр Жапаров "Алтын балалыкты" ишке киргизүү үчүн фондунан 3 млн. сом бөлдү
Садыр Жапаров борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок 2005-жылы иш токтоп калганын белгилеген.
2021-жылдын март айында Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген. Комплексти 2022-жылдын 1-июнунда ачуу пландалып жатат.
Президенттин айтымында, курулуш ишин учурунда "Мээрим" фонду жүргүзүп, "Алтын балалык" деп аталып келген. Бирок кийин "Өмүр булагы" болуп өзгөртүлгөн. Мамлекет башчы тарых өзгөртүлүп жазылбашы керек жана башкалардын эмгеги уурдалбасын деген ой менен комплекстин мурдагы аталышын кайтарууну тапшырган.
Имарат сегиз блок болот: аллергология бөлүмү, онкология, пульмонология, акушердик жана гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика, неврология. Мындан тышкары, эс алуу блогу, клиникалык лаборатория, тамактануу жана кир жуучу жайы каралган.
Город Каракол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Эмдиги жылы Каракол КМШнын маданий борбору болот
Комплекс жайгашкан жер боюнча бир нече ирет соттук териштирүүлөр жүргүзүлгөн. 2018-жылы Башкы прокуратура 2000-жылдын декабрь айында жалган токтомдордун негизинде Чолпон-Ата шаардык башкармалыгы менен Ысык-Көл райондук администрациясы комплекстин 2,7 гектарын У.А. аттуу жаранга берип салганын кабарлаган. Мунун айынан ал участок 26 адамга бөлүштүрүлүп, алар үчүнчү адамдарга сатып жиберишкени айтылган.
Прокуратура жергиликтүү бийликтин чечимин жокко чыгарууну суранып, сот доо-арызды канааттандырган. Ысык-Көл райондук администрациясына 2,7 гектар жерди мамлекеттин балансына алуу боюнча буйрук берилген. Бул жердин рыноктук баасы 37 миллион 692 миң сомду түзөт.
Участок мамлекеттин балансына кайтарылып, менчиктеп алган 26 адамдын жерди колдонуу укугу токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0