00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдувалиев: азиздерди жардамга муктаж адам катары кабылдабаш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз азиздер федерациясы" коомдук фондунун инструктору Жалалидин Абдувалиев
Кыргыз азиздер федерациясы коомдук фондунун инструктору Жалалидин Абдувалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
"Кыргыз азиздер федерациясы" коомдук фондунун инструктору Жалалидин Абдувалиев көзү көрбөгөн адамдар башка бирөөнүн жардамысыз эле коомго аралашып, эркин басса болорун көрсөтүү максатында "Ак таяк" деп аталган жөө жүрүшкө чыгышарын айтты.
Азиздерди өзгөчө жардамга муктаж адам катары кабылдабай, аларга деле башкаларга кылгандай мамиле жасаш керек. Мындай пикирин Жалалидин Абдувалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абдувалиев: азиздерди жардамга муктаж адам катары кабылдабаш керек
Анын айтымында, коомдо көптөр майыптарга аяр мамиле кылууга аракет кылышат.
"15-октябрда борбор калаада "Ак таяк" аталышындагы жөө жүрүш өтөт. Максаты — азиздер тууралуу коомго маалымат берүү. Анткени ак таяк менен баскандарга ар кандай мамиле жасалат. Айрымдарда "эмнеге таяк кармап алган" деген таризде суроо жаралышы ыктымал. Ошондуктан азиз адам ак таяк көтөрөрүн коомго жеткирүү зарыл. Бардык каалоочулар катышып өзүнө керектүү маалыматты алса болот. Негизинен биздин эл азиздерге кайдыгер эмес. Жардам берүүгө умтулуп турушат. Бул жакшы, бирок ошол эле учурда ал кишиге сиздин көмөк керекпи же жокпу, аныктап алган дурус. Айрымдар билбегендиктен дароо кармап жиберишет. Азиз адам ойлонуп бара жатканда кармап жиберсе, чочуп кетиши ыктымал. Айтор, ар кандай жагымсыз жагдай жаралышы мүмкүн. Ошондуктан акырын колду тийгизип учурашып, көмөк керекпи же жокпу деп сураш керек. Жообуна жараша өз аракетин көрөт. Адатта шаарда таяк кармап жүргөн азиз адам шаарды, жолду билет. Ошон үчүн кыдырып жүргөнүн эске алуу зарыл. Ал эми адашып кеткен болсо, биз деле жардам сурайбыз. Адатта кичинекей балдар "эмнеге таяк кармап алган" деп сураса ата-энеси жообун бере албай калган учурлар бар. Көзү көрбөгөн үчүн таяк кармайт деп тартынбай эле түшүндүрсө болот. Эң негизгиси, азизди өзгөчө жардамга муктаж адам катары көрбөш керек", — деди Абдувалиев.
Ошондой эле ал 13-ноябрда да азиздер тууралуу кеңири маалымат берген масштабдуу иш-чаралар өтөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, 15-октябрь — ак таякчандардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Көзү көрбөгөндөр бара жатканын билдирүү үчүн ак таяк колдонушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0