Балбан Калы Сулайманов дүйнө чемпионатында күрөшкө чыгат

© Photo / UWW / Gabor MARTINКыргызстандык балбан Калы Сулайманов. Архив
Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн 63, 67 жана 87 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат. Анда кыргызстандык эки балбан күрөшөт.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов бүгүн дүйнө чемпионатында килемге чыгат. 63 килограмм салмакта күч сынашкан балбан мелдештин 1/8 финалында япониялык Кенсуке Шимицу менен кармашат.
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 7-октябрда кыз-келиндер күрөшү аяктады. Мелдеш 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0