Ишембиге карата аба ырайы

© REUTERS / LISI NIESNERСаргарган жалбырактар. Архив
Саргарган жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
9-октябрга караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл аймагында +8...+13, Нарында +12...+17 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0