Шенген визасы, өнүктүрүү фонду, окуу квотасы. Кыргыз-венгер макулдашуусу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Тараптар Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштады. Анын уставдык капиталы акырындык менен 50 миллион долларга чейин толукталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кечээ, 4-октябрда, Венгрия-Кыргыз стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү. Кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Венгрияныкын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетектеди.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Маалыматка караганда, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, туризм жана башка экономикалык чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада Будапешт — Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле эки өлкөнүн министрлери кыргыз студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн каралган квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашты.
Казакбаев менен Сийярто Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы боюнча макулдашты. Бул кыргыз жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет.
"Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин дагы талкуулашты. Анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Будапешт шаарында өтөт. Казакбаев президент Садыр Жапаровдун атынан Венгрия президенти Ядош Адер менен премьер-министри Виктор Орбанга Кыргызстанга келип кетүүгө жана 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган экономикалык форумга катышып кетүүгө чакыруусун тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Министр Казакбаев Венгрияда Кыргызстандын элчилигин ачууга көрсөтүлгөн колдоо үчүн дагы ыраазычылык билдирген. Белгилей кетсек, аталган өлкөдөгү кыргыз элчилиги 2021-жылдын сентябрь айынан тарта иштей баштады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0