Сүрөткө түшкүң келет. Алыскы Чаткалдагы алтын күздүн асмандан тартылган видеосу

Жазылуу
Жалал-Абаддын Чаткал районуна чыныгы күз келди. Бак-дарактар саргайып, жалбырактар түшүп, анча суук эмес аба ырайы сейилдегендер үчүн жагымдуу маанай тартуулап жатат.
Чаткал районунун көркүн аны бойлой жайгашкан Чаткал дарыясы ачат. Суунун эки капталында бак-дарактар жыш жайгашкан.
Жалал-Абаддын алыскы жана айдоочулар үчүн жолу азаптуу Чаткалындагы кереметтүү күз мезгилин Sputnik Кыргызстан агенттиги дрондун жардамы менен тартты. Видео аталган райондун Жаңы-Базар айылына жакын жерде тартылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0