00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров 4 өлкөдөн электр энергиясы алынып жатканын айтып, абалды түшүндүрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКамбар-Ата-2 ГЭСтеги электр линиялары. Архив
Камбар-Ата-2 ГЭСтеги электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясынын тартыштыгы күч экенин эске салып, элди үнөмдөөгө чакырган.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Учурда Кыргызстан төрт мамлекеттен электр энергиясын алып жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасы аркылуу маалымат берди.
"Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан дагы сунуштап, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электр энергиясын импорттоп жаткан жокпуз. Бул 2010-жылы башталган нерсе", — деди Жапаров.
Президент, мындан тышкары, буга чейинки импорттун баасы тууралуу айтып берди. Маалыматка караганда, 2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен. Ошондой эле президент ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы, казынадан кетип, миллиарддаган сом чыгым болуп кеткенин, ал эми учурда 2 сомдун тегерегинде алынып жатканын айтты.
"Менин тапшырмам менен энергетика министри элден "күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, Токтогулдагы суубузду сактап калалы" деп суранды. Ал сууну биз сугатка албайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн Токтогулду толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат", — деп түшүндүрдү өлкө башчы.
Ал кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болсо бул жалпы регионго оор кесепетин тийгизерин айтты.
Ал эми үнөмдөө боюнча кафе-ресторандар менен колунда бар адамдар электр энергиясын сарамжал пайдаланбай жатканын кошумчалап, жазда тариф маселесин көтөрүп, колдонуучуларды эки категорияга бөлүүнү сунуштады.
Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Тажикстандан электр кубатын алып жатабыз, үнөмдөгүлө! Министрдин өтүнүчү видеодо
"Калктын аяр катмарына 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде ага да каршы чыккандар болушту, "элди бай-кедей кылып бөлбө" деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар. Убакыт керек", — деди Жапаров.
Президент сөзүнүн аягында ГЭСтерди мамлекет өз күчү менен эле сала баштаганын айтып, 2024-2025-жылдарга барып электр энергиясын экспорттоого жетишерибизди кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0