00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров жакырлардын укугун коргогон адвокаттардын айлыгын көтөрүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съезди учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съезди учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардамдан пайдаланууга акылуу. Президент мыйзамда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөрүн эскертет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Колунда жок жарандарга жана башка адамдарга квалификациялуу жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде айтты.

Өз сөзүндө өлкө башчысы Баш мыйзамга ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардамдан пайдаланууга акылуу экенин эске салды. Жапаров мыйзамда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөрүн, башкача айтканда, жарандар жактоочулардын кызматынан акысыз пайдаланууга укуктуу экенин айтты.

Президент 2021-жылга адвокаттардын эмгегине акы төлөө үчүн такталган смета 74,2 миллион өлчөмүндө бекитилгенин белгиледи. Бирок адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алган адамдардын болжол менен 10 пайызы гана аз камсыз болгон жана аялуу катмардагы жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү системасында иштейт.

"Бул жагдай иш жүзүндө өлкөбүздүн алыскы региондорунда элдин көпчүлүгү зарыл учурларда мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамды албай калууда дегенди билдирет. Муну президенттин администрациясына жарандардан кайрылуулар көп келип жатканы айгинелеп турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү жарандык жана жазык иштери боюнча сот өндүрүшүнө тиешелүү болууда", — деген Жапаров.

Президент Юстиция министрлиги Адвокатура менен биргелешип, адвокаттардын ушул ишти жүргүзүүгө болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иштерди күчөтүшү керек деп эсептейт.

Сом купюраларды колунда кармап турган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
ЕАЭБде жана коңшуларда орточо айлык акынын көлөмү кандай? Салыштыруу
"Бул үчүн жарандарга жана башка адамдарга квалификациялуу жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Адвокатура Юстиция министрлиги жана министрлер кабинети менен биргелешип, кечиктирбестен ушул жааттагы чараларды көрүүсү керек", — деп белгиледи президент.

Өлкө башчысы белгилегендей, буга чейин өкмөткө Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын – аймактык адвокатураларды жана Адвокаттардын окуу борборлорун тиешелүү кызматтык жайларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилген. Ошондон бери 7 жыл өттү. Бийликтин аткаруу бутагы болсо мыйзамдын бул талабын аткарган жок.

"Ушуга байланыштуу мен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге шаардык кеңеш менен биргеликте Адвокатура 1975-жылдан бери ижарага алып пайдаланып келген Москва көчөсү, 90 дарегинде жайгашкан имаратты Кыргызстандын Адвокатурасынын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тапшырдым", — деген ал.

Ал, мындан тышкары, министрлер кабинетине Адвокатура менен өз ара аракеттенип, Адвокатуранын башкаруу органдарын жана региондук адвокатураларды тиешелүү жайларга жайгаштыруу боюнча ченемдерин ишке ашырууга киришүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0