БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2020-жылдагы маалыматка таянып кыргызстандыктар таштандыдан кантип кутуларын жазды.
Комитеттен билдиргендей, Кыргызстандын жарандары үчүн таштандыдан арылуунун төрт жолу бар. Алар: контейнерлерге же таштанды жыйнап кетүүчү автоунааларга салып берүү, өзүнөн-өзү таштанды жайына айланган жерлерге ыргытуу, өрттөп ийүү жана көмүп салуу.
Бишкек шаарынын тургундарынын 99,1 пайызы, Ош шаарынын 89,6 пайызы таштанды челектерин колдонушат.
Ал эми аймактарда көбүнесе (39,3 пайызы) таштандыны өрттөө жолу менен жок кылышат. Мисалы, таластыктардын 59,6 пайызы, чүйлүктөрдүн 49,1 пайызы, жалал-абаддыктардын 34,9 пайызы, ысык-көлдүктөрдүн 30,7 пайызы таштандыны отко салышат. Калган аймактарда бул көрсөткүч 30 пайыздан төмөн.
Ошондой эле таштандыны Ош облусунда (26,1 пайыз), Баткен облусунда (19,9 пайыз), Жалал-Абад облусунда (6,6 пайыз), Ысык-Көлдө (1,3 пайыз) жана Чүйдө (0,6 пайыз) көмүп салгандар бар.