Кыргыз-кытай чек арасы 7 күнгө жабылат

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Эркеч-Там" өткөрүү пункту. Архив
Эркеч-Там өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөдө бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленет. Мындан улам эки өткөрүү пункту жабык болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары Кытай тараптын демилгеси менен 1-7-октябрь күндөрү жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта бул күндөрү коңшу өлкөдө Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленери айтылат.

Өткөрүү бекеттери транспорт каражаттары жана жүк ташуу үчүн 8-октябрдан тарта ишин жанданта турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0