БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. eBay электрондук соода аянтчасында 1 сомдук акча аукционго коюлду.
Анын баштапкы баасы 1,42 доллар (120,4 сом) деп көрсөтүлгөн. Демек, ал өз наркынан 120 эсе кымбат сатылууда.
Буга купюранын 1993-жылы чыккан эң биринчи сериядан экени себеп болду. Учурда IV сериядагы банкноталар колдонулуп жатат.