Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

© AP Photo / Rahmat GulКөмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Марипов шайлоого даярдануу, кыш камын көрүү боюнча министрлерге тапшырма берди
Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Продажа угля в Шэньяне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды
Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0