Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Алтайдан келген артист: манас угуп, анын жан дүйнөбүзгө жакын экенин түшүндүк

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлтайлык артист, "Бай-Терек" ансамблинин мүчөсү Данил Данжеев
Алтайлык артист, Бай-Терек ансамблинин мүчөсү Данил Данжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Алтайлык бул артисттер Кыргызстанга биринчи жолу келип жатышат. Алар учурда Улуттук филармониянын алдында өтүп жаткан фестивалга катышат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанга келерибиз менен манас угуп, ал жан дүйнөбүзгө жакын экенин дароо түшүндүк. Бул туурасында алтайлык артист, "Бай-Терек" ансамблинин мүчөсү Данил Данжеев билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда Дүйнөлүк эпостор фестивалы боюнча өткөн бирифингге катышты.

"Бул жакка келгенде телевизорду күйгүзсөк жергиликтүү каналдардын биринде манас айтылып жатыптыр. Дароо эле ал биздин жан дүйнөбүзгө жакын экенин түшүндүк. Манасчы элди таң калтыруу же башка нерсе үчүн эмес, чынында транска кирип айтары көрүнүп турат. Кийин Үмөт деген жаш манасчы эпостун ичине сүңгүп кирип кетерин байкадык. Сиздерде ушундай адамдар сакталып калганы кубандырат. Биз алыстан келгенибизге карабай өз мекенибизде жүргөндөй эле болуп жатабыз. Баары жан дүйнөбүзгө жакын экен", — деди Данжеев.

Ошондой эле ал эпостордун маанилүүлүгү жөнүндө да пикирин ортого салды.

Ошто туризмди даңазалаган иш-чаралар өтүп, ага Болливуд жылдыздары катышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Ошто туризмди даңазалаган иш-чаралар өтүп, ага Болливуд жылдыздары катышат
"Биздин алтай эли үчүн эпос — элдин жашоосу. Кыргыз эли үчүн да ошондой болсо керек деп ойлойм. Бизде эпос айткандарды "кайчы" деп коюшат. Мында жөн эле балдарды алаксытуучу жомок эмес, өтө чоң философия, ой-толгоолор камтылган. Уккан эл да манасчы, кайчылар менен кошо транска кирип жакшылык-жамандык эмне экенин, жаратылышты, жакын адамдарын кантип сактоо керектигин аңдашат. Ушундай фундаменталдуу маалыматтар камтылат. Эпостор актуалдуулугун жоготпойт, себеби ал адамдык сапатты, адам болууга үйрөтөт. Чыңгыз Айтматов айткандай, адам үчүн эң башкысы — адам бойдон калуу", — деди артист.

Бул артисттер Кыргызстанга биринчи жолу келишти. Алар учурда Улуттук филармониянын алдында өтүп жаткан Дүйнөлүк эпостор фестивалына катышат. Бул иш-чарага 20дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0