Масадыковдун Афганистанга барганы боюнча президенттин аппараты түшүндүрмө берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Буга чейин Масадыков Кабулда талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолуккан сүрөттөр тараган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДелегация Кыргызстана во главе с заместителем председателя Совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Афганистан гуманитарную помощь от имени кыргызстанцев. Делегация отправилась по поручению Садыра Жапарова. Гуманитарный груз официально передали Абдулу Гани Барадару, назначенному "Талибаном"* и. о. первого заместителя премьер-министра Афганистана.
Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДелегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди - Sputnik Кыргызстан
2/4
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДелегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
3/4
Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДелегация КР во главе с заместителем председателя совета безопасности Таалатбеком Масадыковым доставила в Кабул груз гуманитарной помощи от имени народа Кыргызстана народу Исламской Республики Афганистан
Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.
1/4
Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди
2/4
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди
3/4
Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды
4/4
Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жолугушуу тууралуу маалыматты жана сүрөттөрдү жарыялаган.

Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Борбор Азияга таралуу коркунучу жок эмес... Талибдер убадасына турабы?
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди.

Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Масадыков Барадар менен кеңири маек курган. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, ал жактагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.

"Өз кезегинде Барадар Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Ал Афганистандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганистандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Визит президента КР Садыра Жапарова в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, "Талибдерге" өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирген.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.

Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0