https://sputnik.kg/20210920/chuj-mushtash-miliciya-video-1053961661.html
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Милиция жабырлануучунун арызынын негизинде ишти Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине... 20.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-20T12:59+0600
2021-09-20T12:59+0600
2021-12-16T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/104606/15/1046061511_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_3aef18a626d40c52fa0535299aa24cc1.jpg
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104606/15/1046061511_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_9c047529e8773f9c832d788b25a21ce0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, чүй облусу, видео
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, чүй облусу, видео
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
12:59 20.09.2021 (Жаңыртылды: 14:00 16.12.2021) Милиция жабырлануучунун арызынын негизинде ишти Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чаламандын чак түшүндө үчөөлөп бир эркекти сабаган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.
Анда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын көчөлөрүнүн биринде коомдук транспорттон төрт эркек жакалашып түшүп жолдун боюнда мушташканын байкоого болот. Аларды жолдо өтүп бара жаткандар ажыратып калган. Жабырлануучу ошол эле күнү, 10-сентябрда, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
"Арыздануучу аны кошунасы балдары менен сабап, денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча катталып, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда", — деди милициядан.
Кошумчалай кетсек, сабалган жаран буга чейин да укук коргоо кызматкерлерине 2020-жылдын 18-июнунда жана 20-декабрында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, ички иштер бөлүмүнө арызданган. Анын бири курамында кылмыштын белгилери жок делип кыскартылса, экинчиси боюнча дагы эле тергөө жүргүзүлүүдө.