Көптөн күткөн майрам! Мектептерде өткөн салтанаттуу линейканын видеосу

Жазылуу
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргызстандын бардык мектептеринде көптөн күткөн салтанаттуу линейка өттү. Өлкөдө Билим күнү биринчи ирет 1-сентябрда эмес, сентябрдын ортосунда белгиленип жатат.

2021-2022-окуу жылы эки жумага өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жылдырылган. Мындан сырткары, буга туристтик сезонду узартуу да себеп болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт. Ал эми экинчи чейрек 15-ноябрда башталып, 31-декабрда бүтөт. Акыркы коңгуроо 9-июнда жаңырмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0