00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

COVID-19ду аныктаган лабораториялардын кирешеси өстү. Таблица

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүТестирование на коронавирус в Баку
Тестирование на коронавирус в Баку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирусту аныктоо менен алты жеке лаборатория алектенет. Күн сайын ПЦР-тест тапшыргандардын 40-50 пайызы алардын кызматын пайдаланат.

БИШКЕК, 15-сен. – Sputnik. Кыргызстанда COVID-19ду ПРЦ-тест аркылуу аныктаган жеке лабораториялардын кирешеси быйылкы жылдын алты айында бир нече эсеге өстү. Муну алар төккөн салыктар менен жыйымдардын көлөмүнөн байкоого болот.

Sputnik агенттигине Мамлекеттик салык кызматы берген маалыматка караганда, быйылкы жарым жылдыкта 2020-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 2-4 эсеге көп салык жана жыйымдарды төккөн лабораториялар бар. Мисалы, "Бонецкий" лабораториясы 2020-жылдын алты айында 22 миллион сом төлөсө, быйыл 94,5 миллионго жеткирген.

Aqua Lab лабораториясы былтыркы алты айда — 10,9, быйыл — 27 миллион сом төккөн. "Интермедикал" өткөн жылдын январь-июнунда 100 миң сом салык төлөсө, быйыл бул көрсөткүч 194 миң сомдон ашкан.

Төлөгөн салыгында анчалык чоң айырмасы жок эки лаборатория болду. Биринчиси — "Экспресс плюс" (135 миң – 176 миң сом), экинчиси — "Лаборатория №1" (83 миң сом – 122 миң сом).

Өзүңөр көрүп тургандай, инфограммада 2020-жыл толугу менен жана үстүбүздөгү жылдын алты гана айынын ичинде төлөгөн салыктар берилди. Ошондо дагы бешөөнүн ичинен үчөө жарым жыл ичинде бир жылдык төлөмдөрүнөн алда канча көп салык төлөп койгон.

Сөз болуп жаткан мекемелер кирешесин ПЦР-тесттердин эсебинен жогорулатты деген расмий маалымат жок. Салык кызматынан мекеме кайсы ишмердүүлүгү үчүн салык төлөп жаткандыгы боюнча маалымат бербесин айтышты.

Жеке лабораториялардан алгачкылардан болуп "Бонецкийге" 2020-жылдын апрель айында ПРЦ-анализ алууга уруксат берилген. Ал эми Auqa Lab жана "Экспресс плюс" лабораториялары июль айында баштап, калгандары кийинчерээк кошулду. Алгач кыргызстандыктар буларга вируска кабылганын аныктоо үчүн гана кайрылса, кийин чет өлкөгө чыгуу үчүн дагы кызматын пайдалана баштаган. Тагыраагы, былтыркы жылдын соңку айларында Россия, Түркия, Казакстан сыяктуу бир катар мамлекеттер кыргызстандыктарга өз аймагына кирүүгө уруксат берген. Ошондон бери кайсы гана өлкөгө чыкпасын, ар бир киши акыркы 72 саат ичинде коронавируска ПЦР-тест тапшырышы зарыл.

COVID-19суз саякаттоо тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Эмделгени тууралуу маалымат "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесине да киргизилди
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лаборатория жетекчиси Дамира Ашыралиеванын айтымында, күн сайын алынган ПЦР-анализдердин 40 пайыздан 50 пайызга чейинкиси жеке лабораторияларга туура келет. Баса, ушул тапта бир сутка ичинде 4 миңдин тегерегинде анализ алынууда. Оору күч алып турган мезгилде бул көрсөткүч 6-7 миңден ашып, атургай 10 миңге жеткен күндөр болгон.

Негизи жеке лабораториялардын ичинен алтоо коронавирусту ПЦР ыкмасы менен аныктайт. Салык кызматы бизге анын бешөө тууралуу маалымат берген (аларды жогоруда жаздык). Алтынчысы — "Гемотест" лабораториясы. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматка караганда, мекеме быйылкы жылдын алты айында мамлекетке салык жана жыйымдарды кошкондо 12,5 миллион сом төккөн. Өткөн жыл боюнча маалымат жок.

Кыргызстанда жеке лабораторияларда ПЦР-анализдердин баасы 1500дөн 2390 сомго чейин болсо, мамлекеттик лабораторияларда 788ден 927 сомго чейин барт. Чет өлкөгө чыккандар тесттин жыйынтыгы 72 гана саатка жарагандыктан, көбүнчө учарына саналуу сааттар калганда шашылыш түрдө тапшырышат. Бул учурда анализдин баасы 2 миң сомдон жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0