Күйөрмандардын стадиондун үстүнөн кулаган мышыкты сактап калган кызыктуу видеосу

Жазылуу
Майами шаарында футбол беттеши учурунда эки команданын күйөрмандарынын чогулуп алып бир кызыкчылыкты ойлоп, түйшөлгөндөн чаңырып, кыйкырып жаткан видеосу тарады.

Окуя Майами жана Аппалачи университеттеринин командаларынын беттеши учурунда болгондугун ESPN басылмасы жазган.

Миңдеген элди бириктирген ошол жердеги мышыктын тагдыры болгон. Видеону көргөн киши алгач эмнеге элдин баары адаттагыдан башкача түрүлүп, чаңырып жаткандыгын дароо эле түшүнө бербейт. Бир аздан кийин стадиондун жогорку трибунасынан мышыктын алдыңкы эки буту менен белгисиз нерсеге тырмыша жабышып турганын көрүүгө болот. Жаныбардын узун зымды бекем кармап турган алдыңкы эки бутунун бири бошоп кеткенде стадиондогулар жандан түңүлө чаңырып жибергени кадрга түшүп калган.

Ээсине эркелеп жатып көз ирмемде азезилге айланган ит. Кызыктуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Ээсине эркелеп жатып көз ирмемде "азезилге" айланган ит. Кызыктуу видео
Алды жактагы аянтчада тургандар жогору жактан көзүн албай, мышык кулай турган жерге АКШнын туусун жайып, белендеп турган. Бир маалда карманып турууга шайы жетпей калган мышык бийиктен кулап келип желектин четирээк жагына түшкөн. Куткарган чоң эле кишилер менен ошол жерде тургандардын секирип, кыйкырып, колун чаап, жаңсап, жаныбардын тирүү калганына баладай кубанып жаткандыгын көрүүгө болот.

Мышыкты желекке тосуп алгандардын бири трибунанын өйдө жагындагылар аны сактап калууга аракет кылып, бирок иш оңунан чыкпай, жаныбар ылдый кулаганын айтып берген.

Ал эми оюн талаасынын ээси болгон команданын башкы машыктыруучусу Мэнни Диас бир канча стресске кабылып, бирок тирүү калган мышыкка стипендия берерин айтып, тамашалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0