"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет өзүнөн бир топ жаш улуу жолдошу менен жашоого нааразы болгон келиндин катын жарыялайбыз.
Саламатсыздарбы? Менин көйгөйүм үй-бүлөмө байланыштуу. Кыйналып жүргөнүмдү эч кимге айта албайм. Эч нерсе болбогондой сыртыман жылмайып, ичимен бушайманмын.
3-курста окуп жатканымда банктардын биринде практикага барып калдым. Бул система көңүлүмө жакын болгондуктан, анын үстүнө сабакты жакшы окугандыктан иштен кыйналган жокмун. Мага баары кызык эле. Коллектив менен да тез эле тил табышып, айтор, кийин окууну бүткөндө жумуш издеп кыйналган жокмун. Дароо эле алышты.
Бир күнү жумушка келсем кабинетте өзгөрүү болуп, жаңы адамдар келип калыптыр. Ротация болуп которулуп келгендер экен. Арасындагы жашы 45терге барып калган байке менен бат эле ынак болуп кеттик. Мен анда 23 жашта элем. Жумушка тактыгы, бой-келбети, чыкыйып кийингени, орундуу сөзү, жасаган мамилеси, айтор, баары мен кыялдангандай болуп чыкты. Эң башкысы, үй-бүлөсү жок болчу, жубайынын өтүп кеткенине үч жыл болуптур. Ушунча жакшы көрүп калгандыктан, үйлөнүү тууралуу сунушун ойлонбостон кабыл алдым. Көп каршылыктар болду. Жаш айырмачылыгыбызды укканда ата-энем чалкасынан кетти. Иши кылса тоскоолдуктарга карабай баш коштук. Оо, ал убакта менден өткөн бактылуу киши жок эле...
Андан бери 15 жыл өттү. Ортобузда эки уул, бир кызыбыз бар. Бир карасаң баары жакшы, кем-карчыбыз жок. Бирок акыркы убакта кыйнала баштадым. Сиркем суу көтөрбөй, үйдөгүлөргө жаман көрүнүп жатат окшойм. Эмне каалап жатканымды деле так билбейм, жолдошумдан да алыстап бараткандаймын. Өткөндө көптөн бери көрө элек классташ кызым менен жолугуп калып кийин үйүнө чакырды. Күйөөмдү көрүп алып аябай таң калып, эмнеге мынча улуу кишиге турмушка чыгып алганымды сурады. Жакшы көрөм дедим, баш ийкеп койгону менен ишенген жок. Эми жакында дагы бир топ классташ балдар-кыздар менен жолугабыз, мен эмнегедир жолдошумду алып баргым келбей жатат. Ага деле эч кызыгы болбосо керек андай жолугушуулардын.
Эки жакка чыгып эс алгым келет, анткен менен көп учурда күйөөмдүн ден соолугуна карап үйдөбүз. Мындай нерселерди сөз деле кылбайм, кылганда деле пайда жок. Болгону ушинтип топтолуп отуруп бир күнү жарылып кетемби деп корком.
Психолог Перизат Калмаматова:
— Урматтуу автор, абалыңыз оор экенине карабай, адис катары чындыкты айтып коюшум керек. Өзүңүздүн деле жазганыңызга караганда, көп нерсени түшүнүп жатасыз. Тилекке каршы, жаратылыш ушундай, жаш өткөн сайын адам алсырап, тынч, ызы-чуусуз жашоого качып калат.
Ушул жерден эркектин психологиясы тууралуу айта кетейин. Ар бир он жыл сайын эркек киши өзү билип-билбей кризиске кабылып турат. 20 жашында тандоо кризиси, 30 жашта мотивация издейт. 40 жаштан өтүп калганда эркек жетишкендиктеринин жемишин көрүүгө аракет кылат. 50 жашта мурда максат кылган жана учурда жеткен нерселерин салыштырып, күткөнү ишке ашпай калса катуу депрессияга түшөт. 60 жашында жашоонун бардык нерсесин кабыл алып, шүгүр деп жашап калат. Сиздин жолдошуңуз дал ошол куракта экен.
Адатта мындай куракта жаш келинчеги бар эркектердин аз гана пайызы активдүү болуп, аялы менен тең тайлаша жашайт. Булар табиятынан мүнөзү шайыр, спорт менен машыгып, бир жерде тура албаган адамдар.
Бирок азыр медицина жетишкен. Жашы өтүп калган эркектин дагы, аялдын дагы төшөктөгү мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн адистерден кеп-кеңеш алса болот. Андан тышкары, автор өзү же жолдошу менен бирге психологиялык терапиядан өтсө дагы пайдасы тиет.