Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акулуев: коомдук уюмду кайра каттоого үч гана документ талап кылынат

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления регистрации юридических лиц Минюстиции КР Урмат Акулуев
Начальник управления регистрации юридических лиц Минюстиции КР Урмат Акулуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев каттоо эрежелерин айтып берди.

Юридикалык жактарды каттоо мыйзамында кандай иш кагаздары керектелери так жазылган. Мисалы, коомдук бирикме же саясий партияларды кайра каттоо үчүн уюштуруучулардын чечими, жетекчи болор адамдын билдирүүсү жана паспорту гана талап кылынат. Бул тууралуу Урмат Акулуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Акулуев: коомдук уюмду каттоого үч гана документ талап кылынат

Анын айтымында, учурда юридикалык жактарды каттоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы бар.

"Коомдук бирикме же саясий уюмду юридикалык жак катары кайра каттоодо мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарабыз. Анда ошол уюмдун түзүүчүлөрүнүн чечими жана жетекчи болор адамдын билдирүүсү гана керек деп жазылган. Бирок учурда "ал уюмга мүчө эмес болчу, бул жетекчини биз тааныбайбыз" деген өздөрүнүн ички талаш-тартыштарынан улам көптөгөн көйгөйлөр жаралып калган учурлар бар. Мыйзам боюнча кворум сакталдыбы, ким уюмга мүчө, ким жетекчи экенин алар өздөрү чечиши керек. Биз ошол тиешелүү документтерди алып келген учурда каттап кое беребиз. Жогорудагыдай талаш маселелер көп болуп жаткандыктан биз аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадык. Учурда жүрүп жаткан мыйзамдарды инвентаризациялоо ишинде бул дагы бар", — деди Акулуев.

Ал мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр көз карандысыз эксперттер жана тиешелүү адистер менен биргеликте иштелип чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0