БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, опера-дастан 5-сентябрда, жекшемби күнү, саат 17:00дө башталат. Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коюлуп жатканы айтылды.
Эл артисти Жумакадыр Каниметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган.