Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
31-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү күндүз республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +19...+24 жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +30...+32 градуска чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0