Салттуу билим ишкерликке кандайча жардам бере алат. Бишкекте өткөн конференция

© Sputnik / Табылды КадырбековКонференция на тему развития предпринимательства в Кыргызстане
Конференция на тему развития предпринимательства в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Чыгармачыл бизнестин өкүлдөрү тажрыйба алмаша алышты. Иш-чарага Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси да катышып, редакциянын долбоорлору тууралуу айтып берген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкекте салттуу билим менен материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерликти өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте салттуу билим менен материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерликти өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү.
Бишкекте салттуу билим менен материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерликти өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бишкекте салттуу билим менен материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерликти өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү.
© Sputnik / Табылды КадырбековАга Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина да катышты.
Ага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина да катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина да катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл конференциянын катышуучуларына редакциянын кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана мурасы тууралуу баяндаган долбоорлору тууралуу айтып берди.
Ал конференциянын катышуучуларына редакциянын кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана мурасы тууралуу баяндаган долбоорлору тууралуу айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал конференциянын катышуучуларына редакциянын кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана мурасы тууралуу баяндаган долбоорлору тууралуу айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧеременина катышуучуларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып улуттук стилде түзүлгөн календарь белек кылды.
Череменина катышуучуларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып улуттук стилде түзүлгөн календарь белек кылды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Череменина катышуучуларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып улуттук стилде түзүлгөн календарь белек кылды.
1/4
Бишкекте салттуу билим менен материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкерликти өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү.
2/4
Ага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина да катышты.
3/4
Ал конференциянын катышуучуларына редакциянын кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана мурасы тууралуу баяндаган долбоорлору тууралуу айтып берди.
4/4
Череменина катышуучуларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып улуттук стилде түзүлгөн календарь белек кылды.

Иш-чара чыгармачыл бизнестин өкүлдөрү менен эл аралык уюмдардын эксперттеринин тажрыйба алмашуусу үчүн уюштурулган. Ага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина да катышты.

Sputnik Кыргызстандын сувенирдик календарлары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Sputnik өзгөчө белектерди даярдады
Ал конференциянын катышуучуларына редакциянын кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана мурасы тууралуу баяндаган долбоорлору тууралуу айтып берди. Мында негизинен улуттук музыкалык аспаптар, бешик тууралуу лонгрид, көк бөрү оюнунун эрежеси, улуттук кийим-кече, боз үй, улуттук тамак-аш, кой союу боюнча инфографикалар тартууланды. Сөзүнүн соңунда Череменина катышуучуларга Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып улуттук стилде түзүлгөн календарь белек кылды.

Конференцияда креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбалар, мамлекеттик колдоо маселелери, интеллектуалдык менчик жана чыгармачыл бизнесте маркетингдин стратегиялары талкууланды.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалынын алкагында "Кыргызпатент" жана CACSAR коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Ал эми Sputnik Кыргызстан аталган фестивалга маалыматтык өнөктөш болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0