Волейбол: Кыргызстан Азиянын жогорку деңгээлдеги мелдешине катышат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол. Лига чемпионов. Матч "Кунео" - "Закса"
Волейбол. Лига чемпионов. Матч Кунео - Закса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Мындай жогорку баскычтагы турнирге улуттук курама команда алгачкы ирет чакырылып жатат. Мелдеш Ирандын Тегеран шаарында өтөрү белгиленген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы зоналык Азиянын 2021-жылдагы финалдык раундундагы мелдешке катышат. Маалыматты өлкөнүн аталган спорт боюнча федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

Анын айтымында, чөлкөмдүн борбордук зонасындагы мыкты алты команданын арасындагы Азия чемпионаты Иранда өтөрү белгиленген.

"Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде жогорку орундарда турган Иран, Индия, Пакистан, Шри-Ланка, Казакстан сыяктуу командалар менен ат салышат. Мындай жогорку деңгээлдеги турнирге улуттук курама команда алгачкы ирет чакырылууда. Мелдеш Иранда болору белгиленген. Учурда алар жаштар арасында дүйнө чемпионатын өткөрүп жатканына байланыштуу биз катыша турган мелдеш кийинкиге жылдырылган", — деди Сарбагишев.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Бишкекте "Үч улуттун кубогу" футболдук мелдеши өтөт. Убакыт-сааты
Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2017-жылы Мальдив аралдарында өткөн зоналык Азия мелдешинде жана 2019-жылы Непалда болгон турнирде чемпион болгон

Ал эми жакында эле Өзбекстандын Фергана облусунда өткөн оюнда экинчи орунду камсыздаган. Бул ийгиликтери менен улуттук команда Азиянын борбордук зонасынын финалында ойноочу алты мыктынын катарына кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0