БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Олимпиаданын күмүш байгесин уткан спортчулардын жеке машыктыруучулары Мейрамбек Ахметов (Акжол Махмудовдун жеке насаатчысы) менен Нурбек Изабековго (Айсулуу Тыныбекованын жеке насаатчысы) акчалай сыйлык берилди.

Президент Садыр Жапаров жеке машыктыруучу Мейрамбек Ахметовго 2,5 миллион сом тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берди
Президент Садыр Жапаров жеке машыктыруучу Мейрамбек Ахметовго 2,5 миллион сом тапшырды.
Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берди
Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берсе, ал эми Мейрамбек Ахметовго 2,5 миллион сом тапшырды.
Спортчулар менен машыктыруучуларды сыйлоо аземи бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Буга чейин олжолуу кайткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага сыйлыктар тапшырылган.

