Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровУщелье Джети-Огуз
Ущелье Джети-Огуз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү республика аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 29...34, Талас облусунда 27...35, Жалал-Абад менен Ош аймактарында 32...37, Баткенде 26...31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 22...27 градус болору божомолдонуп жатат.

Бишкекте күндүн табы 31...33, Ош шаарында 34...36, ал эми Чолпон-Атада 22...24 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0