Түркиядагы ординатор-хирург Бакыт: мекенимде бейтаптардан акча албай иштегим келет

© Фото / предоставлено Бакытом МанкиевымОрдинатор-хирург Бакыт Манкиев
Ординатор-хирург Бакыт Манкиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Кайсы доор болбосун билимдүү жана өнөрлүү адамдар бааланып келет. Кыргызстанда да билим алууну максат кылып, эч бир тоскоолдуктарга карабай дүйнөнүн төрт бурчунда окуп, ар тармакта иштеп жүргөн жаштарыбыз көп.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин бул жолку мейманы Бакыт Манкиев да Анкарадагы ординатурада билим алып, хирургия тармагында тажрыйбасын тереңдетип жатат. Биз Бакыт менен интернет аркылуу байланышып, ага бир катар суроолорду узаттык.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөм. Атам аскер кызматында иштечү, апам тарых мугалими болуп эмгектенет. Мен үй-бүлөдө үчүнчү баламын. Төртүнчү класска чейин таенемдим колунда тарбияландым. Мектепти аяктагандан кийин ОшМУга тапшырып, 4-курстан КММАга (Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — ред.) которулуп, дарыгер кесибине ээ болуп чыктым. Чоң атам менен чоң апам стоматолог болуп эмгектенишчү. Мен да алардын кесибин аркаладым десем болот. Ошто ал кезде стоматологиялык факультет жок эле. Ошондуктан мектепти бүтөрүм менен дарылоо факультетине тапшырууга туура келди. 3-курста окуп жатканда жалпы хирургиядан практикага чыгып, бул тармакты абдан жактырып калдым. Ошондон кийин гана хирург болууну чечкем. Азыр Түркияда жалпы хирургия бөлүмүндө ординатурада окуйм. 

© Фото / предоставлено Бакытом МанкиевымБакыт Манкиев Анкарадагы ординатурада билим алып, хирургия тармагында тажрыйбасын тереңдетип жатат
Түркиядагы ординатор-хирург Бакыт: мекенимде бейтаптардан акча албай иштегим келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Бакыт Манкиев Анкарадагы ординатурада билим алып, хирургия тармагында тажрыйбасын тереңдетип жатат

— Түркияда окууну улантуу чечимин кандайча кабыл алдыңыз?

— Кыргызстанда жалпы хирургия боюнча эки жылдык ординатураны бүтүргөндөн кийин билимимди тереңдетүү үчүн Түркияга келдим. Бул жерде беш жыл окуйсуң. Кыргызстанда ординатураны акча төлөп өтсөң, Түркияда окууңа стипендия жана иштегениңе айлык берилет.

КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу
Башында Бишкекте окууну бүткөн соң кайда иштээримди ойлоно баштадым. Анан Түркияда ординатурада билим алып жаткан кесиптештерим тууралуу угуп, мен да окуп кете алам деген ишеним менен 2015-жылы Анкарага келгем. Алгач ар кандай кыйынчылыктар тууралуу ойлоп коркком, бирок тилегиме жетпей өмүр бою өкүнүп калбайын деп бул жакка келе бердим.

Ага чейин сынак эки этаптан турарын угуп, Бишкектен эле жол-жобосун билип алдым. Экзамендин биринчи этабында Кыргызстандан алган дипломумду жактадым, мындан өтсөң гана кийинки сынакка жол берилет. Экинчисинде алган баллыңа жараша тагдырың чечилет экен. Жогорку упай алгандар ири шаарлардагы мыкты окуу жайларга жолдомо алышат.

— Бөтөн жерде кандай кыйынчылыктар болду? Түркиянын медицина тармагындагы түзүлгөн система тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

— Ооба, кыйынчылыктар бардык жерде болот. Эң биринчи эле түрк тилин өздөштүрдүм. Жаңы келгенде "тамам" (макул — ред.) деген сөздөн башка эч нерсе билчү эмесмин (күлүп). Тил үйрөнүп, сынактардан өтүү үчүн бир жыл сегиз ай тынбай даярдандым. Жыйынтыгында төрт экзамен тапшырдым. Экөө медицина, калган экөөнү түрк жана англис тилинен бердим. Даярдануу убагында ата-энем, бир туугандарым Кыргызстандан акча салып турушту. Ошол каражатка жашадым. Биринчи турда эле бардык экзамендерди тапшырып, орточо балл менен Дышкапы "Йылдырым Бейазыт" окуу жана изилдөө ооруканасына (Dışkapı Yıldırım Beyazıt Eğitim ve Araştırma Hastanesi) жумушка алынып, өзүм каалаган жалпы хирургияга туш болдум. Бул оорукананын негизги багыты травматология. Боор жана бөйрөк алмаштыруу операциялары да жасалат.

Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар
Иштеп баштаганда ал жактын системасын үйрөнүү жана ага көнүү да кыйынчылыктарды жаратты. Ал эми түрк медицинасынын эң маанилүүлүгү камсыздандыруу системасында (мамлекеттик ооруканаларда бекер дарыланат — ред.) жатат. Дарыгер менен бейтаптын ортосунда финансылык байланыш жок. Ушул жагын биздин өлкөгө киргизсе жакшы болмок. Бизде дарыгерлерди эч ким сыйлабайт. "Акча берсең карайт, болбосо карабайт" деген түшүнүк бар. Андан тышкары, Түркиянын медицинасы өнүккөн батыш өлкөлөрүнөн кем калбайт. Жалпы саламаттык сактоо системасы санариптештирилген. Бул нерсе бейтаптар менен медициналык кызматкерлер үчүн абдан ыңгайлуу, бир топ убакытты үнөмдөйт.

Кыргызстанда бейтапкана, оорукана, травматология, хирургиялык борбору жана тез жардам кызматы бири-бирине көз карандысыз өз алдынча кызмат аткарат. Түркияда баары тең бир ооруканада жайгашып, бирдей системада иштешет. Бейтаптар да оору китепчеси менен келишпейт, баарынын идентификациялык номери бар. Оору таржымалы ошол жакта каралат. Ошондой эле эч бир дарыгер ручка менен колго жазбайт. Мунун баарына көнүү мага абдан кыйын болгон. 

© Фото / предоставлено Бакытом МанкиевымБакыт Манкиев: Кыргызстанда ординатураны акча төлөп өтсөң, Түркияда окууңа стипендия жана иштегениңе айлык берилет
Түркиядагы ординатор-хирург Бакыт: мекенимде бейтаптардан акча албай иштегим келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Бакыт Манкиев: Кыргызстанда ординатураны акча төлөп өтсөң, Түркияда окууңа стипендия жана иштегениңе айлык берилет

— Алгачкы жасаган операцияңыз эсиңиздеби?

— Ар бир ординатордун окуу учурунда жеке китепчеси болот, ал жерде жылына өздөштүрүлүүчү талаптар коюлган. Биринчи жылы сокур ичегиден баштап, акыркы окуу жылы бүт хирургиялык операцияларды өздөштүрүп чыгуу керек. Мен азыр ординатурада бешинчи жылымды окуп жатам. Бул убакта жаңы келген ординаторлорду үйрөтүп калабыз. Операцияларыңа профессорлор кирбейт, алар жөн гана көз салып турушат. Жыл өткөн сайын татаал операцияларды жасап баштайсың. Бардык операцияларым эсимде. Эң оору — кесиптешим экөөбүз жоон ичегинин рагын алганбыз.

Негизи хирург деген чечкиндүү болушу зарыл. Ойлонуп отургуча бейтап өлүп калышы мүмкүн. Муну менен катар колу ийкемдүү жана анатомияны 100 пайыз билүүсү керек.

Бул жакта кесипкөй адис деген наам алыш үчүн ординатуранын экинчи жылын бүткөн соң медицинага салым кошо турган изилдөө ишин жазып коргоо керек.

— Ординатурадан алган маянаңыз жетеби?

— Нөөмөткө бир врач жана үч ординатор чыгабыз. Ар бир нөөмөтүбүзгө акы төлөнөт. Бир айда 700 доллардын тегерегинде маяна алып калам. Бул чакан үй-бүлө үчүн жетет.

© Фото / предоставлено Бакытом МанкиевымБакыт Манкиев: нөөмөткө бир врач жана үч ординатор чыгабыз. Ар бир нөөмөтүбүзгө акы төлөнөт. Бир айда 700 доллардын тегерегинде маяна алып калам. Бул чакан үй-бүлө үчүн жетет
Түркиядагы ординатор-хирург Бакыт: мекенимде бейтаптардан акча албай иштегим келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Бакыт Манкиев: нөөмөткө бир врач жана үч ординатор чыгабыз. Ар бир нөөмөтүбүзгө акы төлөнөт. Бир айда 700 доллардын тегерегинде маяна алып калам. Бул чакан үй-бүлө үчүн жетет

— Жалпы хирургияда азыр кайсы оорулар көп кездешүүдө?

— Жоон ичеги, ашказандын рагы арбын. Аялдарда болсо көкүрөк рагынын өскөнү байкалат. Онкологиялык эмес илдеттерден өт жана өт жолдорунун оорулары көп. 

— Бизде медицина тармагын жакшы жолго коюу үчүн кандай реформалар керек деп ойлойсуз?

Кыргызстандагы балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги
— Түркиянын медицинасы акыркы жылдары тез өнүгүп жатат. Эң негизги себеби — сапаттуу билим. Медициналык окуу жайга өтүү жана бул жаатта билим алуу Түркияда абдан кыйын. Талап катуу, жоопкерчилиги да күчтүү. Бизде деле медицина өнүгүүдө, бирок жаш дарыгерлер көп кыйынчылыктарга кабылышат. Алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн шарттар түзүлбөгөндүктөн чет жакка чыгып кетүүдө. Келечекте кыргыз медицинасы алдыңкылардан болоруна ишеним чоң. Ошентсе да кыргызстандыктар башка өлкөлөргө барып дарыланып жатканы өкүнүчтүү. Бул абдан чоң чыгымды талап кылат. Өзүбүздө эле орган алмаштыруу үчүн атайын окуудан өткөн дарыгерлердин тобун түзүү керек. Ал үчүн хирург, реаниматолог, невролог, радиолог өңдүү дарыгерлер адистештирилет. Трансплантацияда командалык ыкчам иш талап кылынат. Бул багытты сөзсүз өнүктүрүү керек.

Ошондой эле хирургияда эле эмес, негизи эле медицинада адистерге дайыма окуп туруу жана жаңы жетишкендиктерди өздөштүрүү талабы бар. Медицина бир орунда турбайт. Ошол себептен биздин дарыгерлер да билимин тынбай өстүрүшү керек. Мамлекет медиктердин толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүүсү абзел. 

© Фото / предоставлено Бакытом МанкиевымБакыт Манкиев: Түркиянын медицинасы акыркы жылдары тез өнүгүп жатат. Эң негизги себеби — сапаттуу билим. Медициналык окуу жайга өтүү жана бул жаатта билим алуу Түркияда абдан кыйын, талап катуу
Түркиядагы ординатор-хирург Бакыт: мекенимде бейтаптардан акча албай иштегим келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Бакыт Манкиев: Түркиянын медицинасы акыркы жылдары тез өнүгүп жатат. Эң негизги себеби — сапаттуу билим. Медициналык окуу жайга өтүү жана бул жаатта билим алуу Түркияда абдан кыйын, талап катуу

— Карьераңызды мындан ары да Түркияда улантасызбы?

— Азыр тажрыйба топтоп жатам. Түркияда жеке ооруканаларда үч-төрт жыл иштеп Бишкектен үй алуу оюм бар. Кыргызстанга бир аз буттан туруп баргым келет. Анткени маянага гана иштөөнү максат кылам. Бейтаптардан акча алгым келбейт. Түркияда бардык каржы маселелери оорукананын кассасы аркылуу гана чечилет. Врачтар бир гана дарылоо ишине көңүл бурат. Негизи камсыздандыруу системасын киргизгенибиз туура. Мунун аркасы менен дарыгерлер ашык акча ала албай калат. Түркиянын механизми боюнча врачтарга аткарган ишине жараша маяна төлөнөт. Көп эмгектенсең, жакшы маяна аласың деген түшүнүк бар.

Балдар кардиологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Самидин Шабыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2021
Хирург Шабыралиев: операцияга кезек жетпей чарчап калган бөбөктөр бар, шарт начар
Азыр Стамбул жана Адандагы медик достор менен Кыргызстанга кайтып барып, саламаттык сактоо тармагындагы системаны өзгөртүүнү максат кылуудабыз. Бирок так планын түзө элекпиз. Кыргызстанда жаш врачтарга жакшы шарт түзүлгөн эмес. Ооруканадагы лапароскопиялык жабдууларды бардык врачтар колдоно беришпейт. Анткени аны бирөөнө гана байлап берип коёт. Ошондой эле сен үчүн чечимди жана жасай турган операциялардын тагдырын жетекчилер чечет.

Мындан улам мекендештерге билим алгыла демекмин. Келечекте билимдүү адамдар гана баркталган заман келе жатат. Үй — бул сиз жашаган имарат эмес. Сиз турган облус, өлкө да биздин үйүңүз. Ошол үйүбүзгө өтө кылдат, аяр мамиле жасаганды үйрөнөлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0