Өткөн суткада 242 адамдан COVID табылып, 5 бейтап көз жумду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Коронавирус илештирип алгандардын саны азайып калганы менен өлүм учурлары токтой элек. Ооруканаларда 1 500дөн ашык адам дарыланууда.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 242 адамдан аныкталып, 526 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 81;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 71;
  • Ош облусу – 12;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 15.

Жалпысынан өлкөдө илдет илештиргендердин саны 173 428ге жетти. Анын ичинен 165 368 адам дартты жеңген.

Өткөн суткада оору беш адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын жалпы саны 2 473кө жетти.

Стационарда 1 577, ал эми амбулатордук шартта 2 594 бейтап дарыланып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0