Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБутакта отурган чымчык. Архив
Бутакта отурган чымчык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Жумага караган түнү Ош облусунда жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 20-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ысык-Көл жана Нарын жерлеринде жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0