20-августта Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Тизме

© AFP / MARTIN BERNETTI Лампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Айрым борбордук көчөлөрдө, шаардын чет жакаларында жана конуштарда электр жарыгы өчүрүлөт. Энергетиктер пландалган иштерди жүргүзүшөт.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактары жума, 20-август күнү, жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Көлмө (Максат, Жаштык, Түлөбердиев, Тынчтык, Биримдик, Дастан, Жаңылык, Сейил көчөлөрү), Арча-Бешик (Бердибаев, Кызыл-Адыр, Актуз, Абдрахманов, Он-Арча, Кара-Кужур, Шербет, Садыбакасов, Кара-Кужур көчөлөрү), Ала-Тоо (Улук-Тоо, Талды-Булак, Ара-Көл, Ала-Тоо, Кара-Алма, Терек-Сай көчөлөрү) конуштарында;
  • 9:30-13:00 — Айтматов (№ 80/1 үйдө) проспектисинде;
  • 9:30-17:30 — Малдыбаев (№ 32 үйдө) көчөсүндө;
  • 9:30-18:30 — Курманджан датка көчөсүнүн Фрунзе, Киров жана Огонбаев менен кесилишкен жерлеринде;
  • 13:00-16:00 — 6-кичи райондо (№ 20-22, 38-42 үйлөрдө).
Жаңылыктар түрмөгү
0